Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинини 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 10-майындагы № 233, 2024-жылдын 27-августундагы № 508, 2025-жылдын 17-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге жер казынасын пайдалануу укугун берүү маселелерин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;
- аукциондук жер казынасынын участоктору.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын участокторун берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бул учурда конкурс жана/же аукцион өткөрүү талап кылынбайт, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү конкурс өткөрүүгө теңештирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө маселени демилгелөө үчүн негиз алардын кайрылуусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кайрылуу мамлекеттик же расмий тилдеги кат түрүндө, жетекчинин колу коюлган расмий бланкта түзүлөт, анда төмөнкүлөр камтылышы керек:
- жер казынасынын участокторунун аталышы;
- жер казынасынын участоктору жайгашкан жер;
- жер казынасын пайдалануунун түрү.
- 2006-жылдын (Kyrg-06) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер;
- жер казынасынын участогунун өлчөмү (аянты га менен);
- мурда ишке ашырылган же азыркы учурда ишке ашырылып жаткан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлор жөнүндө маалыматты берүү менен инвестордун кен казуу чөйрөсүндөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (геологиялык иштерди жүргүзүүгө же кенди иштетүүгө инвесторлор тартылган учурда);
- инвестордун финансылык жөндөмдүүлүгү (геологиялык иштерди жүргүзүүгө же кенди иштетүүгө инвесторлор тартылган учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Катка милдеттүү түрдө төмөнкүлөр тиркелиши керек: