Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 21-октябры № 586
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө 2008-жыл үчүн сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Көрсөтүлүүчү кызматтын сапаты, башкаруунун жогорку натыйжалуу ыкмаларын киргизүү жагындагы жетишкен олуттуу ийгиликтери үчүн жана Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөргө 2008-жыл үчүн сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгы ыйгарылсын:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ДГСЭН улуттук вирусология лабораториясына, Бишкек шаары;
- "Бонецкий лабораториясы" Интелмед" жоопкерчилиги чектелген коомуна, Бишкек шаары;
- Травматология жана ортопедия боюнча Бишкек илим-изилдөө борборуна, Бишкек шаары.
2. Конкурска активдүү катышкандыгы жана продукциянын сапаты жагында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн 2008-жыл үчүн сапат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диплому менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
- медициналык тез жардамдын шаардык клиникалык балдар ооруканасы, Бишкек шаары;
- "Неман-Фарм" жоопкерчилиги чектелген коому, Бишкек шаары;
- үй-бүлөлүк медицинанын облустук борбору, Каракол шаары;
- С.Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасы, Жалал-Абад шаары;
- ММКФнын N 3 БТУ стоматологиялык бейтапканасы, Бишкек шаары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти, Бишкек шаары;
- Гематология боюнча Кыргыз илимий борбору, Бишкек шаары;
- медициналык аккредитациялык комиссия, Бишкек шаары;
- "Бакыт" балдардын облустук реабилитациялык борбору, Жалал-Абад шаары;
- жеке ишкер С.С.Турсунбаевдин "Дента+" стоматологиялык клиникасы, Каракол шаары.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри | И.Чудинов |