Загрузка документа…
| (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомуна ылайык) КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 8-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Маминспекция) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырат, ветеринария жана фитосанитария жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функцияларды аткарат.
2. Маминспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын укук улантуучусу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагында турат.
3. Маминспекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Маминспекция жана анын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү юридикалык жактар болуп саналат. Маминспекция мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштейт, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Маминспекциянын расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Государственная инспекция по ветеринарной и фитосанитарной безопасности при Министерстве сельского, водного хозяйства и развития регионов Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВФКМИ";
- расмий тилде: "ГИВФБ".
6. Маминспекциянын юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "Б".
7. Маминспекция өз ишин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги астында жүргүзөт, өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара кызматташып иштешет.
2-глава. Маминспекциянын максаты
8. Маминспекциянын максаты адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калктын ден соолугун коргоо, эпизоотиялык туруктуулукту, ветеринардык-санитардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет.
3-глава. Маминспекциянын милдеттери
9. Маминспекциянын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калктын ден соолугун сактоо;
- жаныбарлардын саламаттыгын ылаңдардан коргоо жана эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын кирүүсүнөн жана жайылуусунан коргоо;
- ветеринардык жана фитосанитардык контролго алынуучу продуктулардын (чийки заттардын) коопсуздугун камсыздоо;
- Бирдиктүү ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбеген көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып киргизүү, ташып чыгаруу, реэкспортто жана транзит менен өткөрүү эрежелеринин бузулушун алдын алуу жана бөгөт коюу;
- ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер боюнча өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөр боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу:
- ветеринардык (контролдоого) көзөмөлдөөгө тийиш болгон объекттерге коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптардын сакталышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен макулдашуу боюнча ветеринария, эпизоотиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусун түзүү жана өнүктүрүү;
- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу;
- жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария жаатындагы мыйзамдарынын, техникалык регламенттер менен белгиленген продукциянын, ошондой эле ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык контролдоого тийиш болгон продукциянын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган ветеринардык жана агрохимиялык препараттардын коопсуздугуна карата талаптардын бузулушун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу.
4-глава. Маминспекциянын функциялары
10. Маминспекция төмөнкү функцияларды ишке ашырат.
1) мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу өткөрүү пункттарында контролдоо жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына адамдардын жана жаныбарлардын жугуштуу илдеттеринин козгогучтарынын киришине жол бербөө боюнча мамлекеттик көзөмөлдү (контролду) ишке ашыруу;
- көзөмөлгө алынуучу товарларды (жүктөрдү) эл аралык почта мекемелери тарабынан ташууда убактылуу сактоочу кампаларда ветеринардык-санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзүү;
- пайдаланууга жана эркин соодага жараксыз ветеринардык контролдоого тийиш болгон азыктарды (чийки затты) жыйноонун жана утилдештирүүнүн тартибинин белгиленген талаптарга ылайык сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө (контролдоо) жүргүзүү;
- көзөмөлгө алынган продукцияны жүгүртүүнүн бардык этаптарында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу максатында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана башка талаптарынын аткарылышына мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө (контролдоо) жүргүзүү;
- көзөмөлгө алынуучу товарларды (жүктөрдү) экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзит менен өткөрүүдө ветеринардык контролдоочу пункттарда, убактылуу сактоочу кампаларда жана бажылык тариздөөчү жайларда ченемдердин жана регламенттердин сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;
- ветеринардык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатындагы талаптардын аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөө (контролдоо);
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган кайра иштетилбеген тамак-аш продукциясын өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштурулушун мамлекеттик көзөмөлдөө (контролдоо);
- жаныбарлардын ылаңдарына керектүү иммунобиологиялык препараттардын, жабдуулардын, инструментарийлеринин резервин түзүүгө, дарылоочу, дезинфекциялоочу жана башка коргоочу каражаттарга муктаждыкты аныктоого мамлекеттик контролдоо жүргүзүү;
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушун жана жайылышын болтурбоо, ошондой эле аларды жок кылуу боюнча диагностикалык, профилактикалык, ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактарга мамлекеттик көзөмөлдөө (контролдоо) жүргүзүү;
- ветеринардык лабораториялардын ишин, оору козгогучтарды лабораториялык диагностикалоо сапатын мамлекеттик контролдоо, жаныбарлардын ылаңдарынын пайда болуу, өтүү жана жайылуу себептерин жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө;
- жаныбарларды, канаттууларды, балыктарды, аарыларды сатуу жана аларды ташуу менен байланышкан ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында микробдорго каршы резистентүүлүктү (жаныбарларга карата микробдорго каршы препараттарды, ошондой эле жаныбарлардан алынган иштетилбеген тамак-аш продукциясын сактоону жана колдонууну) мамлекеттик контролдоо;
- соода түйүндөрүндөгү жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларга клиникалык, диагностикалык, дарылоо-профилактикалык, ветеринардык-санитардык, пландуу эпизоотияга каршы иш-чаралардын, ошондой эле ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүлүшүн мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;
- биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу, карантиндик жана зооноздуу ылаңдын очокторун профилактикалоо, диагностикалоо, локализациялоо жана жоюу иштерин жүргүзүүдө эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- карантиндик фитосанитардык режимдердин сакталышын жана белгиленген карантиндик фитосанитардык зоналарда карантиндик зыяндуу организмдерди локалдаштыруу жана жоюу боюнча программалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
2) жөнгө салуу функциялары:
- ветеринардык контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүүдө региондорго бөлүштүрүү жана компартментализациялоо, лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) өткөрүү;
- профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
- көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) экспорттоого, импорттоого, реэкспорттоого жана эл аралык транзит менен өткөрүүгө тийиштүү ветеринардык коштомо документтерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык берүү;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктуларга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу жана өткөрүү;
- жаныбарлардын ылаңдарына диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- зарыл учурларда эпизоотияны жок кылуу боюнча экспедицияларды уюштуруу;
- көзөмөлгө алынган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (аймагынан ташып чыгарууга), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун жазуу жүзүндөгү уруксатын берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өзгөчө кооптуу ылаңдарынын тизмесин аныктоо;
- жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өзгөчө кооптуу ылаңдарынын келип чыгуу коркунучунда жана ал пайда болгон учурда карантин киргизүү, алып салуу тартибин жана башка чектөөчү чараларды аныктоо;
- ветеринардык дары каражаттарынын чукул кырдаалда пайдалануучу запасын колдонуу жана эсептен чыгаруу тартибин иштеп чыгуу;
- башка өлкөлөрдүн ветеринардык-санитардык чараларынын экиваленттүүлүгүн таануу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын ылаңын киргизүү жана/же жайылтуу коркунучу келип чыккан учурда көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып киргизүү жана ташып чыгаруу боюнча убактылуу чектөө чараларын киргизүү;
- ветеринария жаатындагы, анын ичинде жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык дары каражаттары, тоюттар жана тоют кошулмалары, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча актыларды, техникалык регламенттерди, ветеринардык-санитардык талаптарды, эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгууга катышуу;
- ветеринардык контролдоого (көзөмөлгө) тийиш болгон продуктуларды (чийки затты) өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу жана сатуу менен алектенген жактарды мамлекеттик каттоо (эсепке алуу) жана бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
- объекттерди куруу, долбоорлоо, реконструкциялоо үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө архитектура органдарынын суроо-талаптарын кароо, ветеринария жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ветеринардык талаптарга шайкештиги жөнүндө корутундуларды берүү;
3) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- статистикалык жана эсептик маалыматтардын, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын чыгуу жана жайылуу мүмкүндүгү жөнүндө илимий негизделген божомолдоруна ылайык жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарылардын, өсүмдүктөрдүн ылаңдарынын алдын алуу жана жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар пландарын ишке ашыруу жана контролдоо;
- жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу келишимдик негизде ветеринардык практиканы жүзөгө ашырууга укугу бар жактарга берүү;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу илдеттерин профилактикалоо, диагностикалоо жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана камсыз кылуу;
- ветеринардык зоналарга бөлүштүрүү жана аймактарды компартментализациялоо;
- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылын эсепке алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана өткөрүү боюнча чараларды ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык ветеринардык багыттагы, анын ичинде шашылыш сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен биопрепараттардын резервдик фондун түзүү;
- көзөмөлгө алынган продукциянын сапатына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле активдүү жана пассивдүү эпизоотиялык мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди башкаруу;
4) колдоо функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга эпизоотиялык абалдын өзгөрүшү жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берүү;
- диагностиканын жана экспертизанын илимий негизделген заманбап ыкмаларын иштеп чыгуу, пайдалануу жана киргизүү;
- юридикалык жана жеке жактардын өтүнүчтөрү боюнча ветеринария, фитосанитария жаатындагы өндүрүш ишканаларында жана уюмдарында өндүрүштү контролдоо программаларын иштеп чыгууда жана аларды ишке ашырууда консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- Маминспекциянын системасында иштеген кызматкерлерди жана жеке ветеринардык адистерди кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу;
- ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча жеке ветеринардык дарыгерлердин ишмердүүлүгүн жана ветеринардык кызмат көрсөтүү жаатында атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- Маминспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер менен өз ара аракеттенүү;
- Маминспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташуу;
- массалык ууланууларды (көзөмөлгө алынган объекттер менен байланышкан), эпидемияларды, эпизоотияларды, табигый кырсыктарды, экологиялык кыйроолорду жана адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө коркунучтуу башка өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышуу;
- бюджеттик ассигнованиелердин, гранттардын жана долбоорлордун эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрүү;
- муздак чынжырчасын сактоо менен ветеринардык дары каражаттарын жеткирүүнү камсыз кылуу;
- Маминспекциянын ведомстволук жана аймактык органдарынын отчетторун кабыл алуу, алардын иштерин талдоо жана отчетторунун тууралыгын текшерүү;
- Маминспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу байланыш түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына ылайык өткөрүлүп берилген мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын (аутсорсинг) жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы, жеке ветеринарлардын ассоциациясы жана алардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен кызматташуу;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен макулдашуу боюнча Маминспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу.
5-глава. Маминспекциянын укуктары
11. Маминспекция төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардан жана жарандардан мамлекеттик программалардын алкагында жугуштуу ооруларды профилактикалоо боюнча ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүүнү, аныкталган ветеринардык-санитардык эреже бузууларды жоюуну талап кылууга;
- ветеринардык контролдоо пункттарында, убактылуу сактоо кампаларында жана бажылык тариздөө жайларында бажылык жол-жоболорунан өтүүгө чейин ветеринардык уруксат берүүчү документтерди берүү менен көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) кароого жана текшерүүгө;
- объектиге карата коюлуучу ветеринардык-санитардык ченемдер жана эрежелер сакталбаган, объектти пайдалануунун, көзөмөлгө алынган продукцияны, товарларды сактоонун, ташуунун жана сатуунун шарттары бузулган учурда уруксат берүүчү органдарга уруксат кагаздарын чакыртып алуу боюнча материалдарды жиберүүгө;
- мамлекеттик статистика органдарынан, бажы жана башка органдарынан көзөмөлгө алынган товарларды (жүктү) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү (ташып чыгаруу) транзит менен өткөрүү жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды сурап алууга;
- жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн инфекциялык ылаңдарынын пайда болуу жана/же жайылуу коркунучу келип чыккан учурда менчигинин түрүнө карабастан көзөмөлгө алынган объекттерди пайдаланууну токтотуп турууга;
- Маминспекциянын ведомстволук жана аймактык органдарынын финансы-чарбалык жана башка иштерин контролдоого;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария жаатындагы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык көзөмөлгө алынган объекттерде аныкталган эреже бузууларды кароого жана белгиленген тартипте жаза чарасын көрүүгө;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык, жеке жактарга жана жарандарга ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- уюмдардын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды ветеринардык коопсуздук талаптарын бузуу себептери боюнча түшүндүрмө берүү үчүн чакырууга;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү маселелерди өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиялардын жыйындарында кароо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде зарыл болгон маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган ведомстволор аралык жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- эреже бузууларга жол берген жактарды Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария жаатындагы мыйзамдарына ылайык жоопко тартуу жөнүндө материалдарды сот жана укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө;
- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук талаптарынын бузуулары аныкталган учурда мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензияны колдонууну токтото туруу же аны чакыртып алуу тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария жаатындагы мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө, ташып чыгарууга, реэкспорттоого жана транзит менен өткөрүүгө тыюу салууга;
- эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө;
- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- тийиштүү темалардагы конкурстарды, семинарды, конференцияларды өткөрүүгө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө институттары менен макулдашуу боюнча көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн адистерди тартууга.
6-глава. Маминспекциянын ишин уюштуруу
12. Маминспекцияны директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Маминспекциянын директору жок учурда анын милдеттерин аткаруу Маминспекциянын директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Маминспекциянын уюштуруу-тескөөчү документтери Маминспекциянын директорунун буйругу менен бекитилет.
13. Маминспекциянын директору:
- Маминспекциянын башкаруу түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгашалар сметасын кызматкерлердин белгиленген санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде министрдин бекитүүсүнө киргизет;
- Маминспекциянын ишин жалпы жетектейт жана Маминспекцияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен болгон мамиледе Маминспекциянын атынан чыгат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Маминспекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коет;
- Маминспекциянын аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, алардын өзгөрүшү Маминспекциянын милдеттери менен функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана мүмкүн. Мында директорду дайындоо Маминспекциянын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Маминспекциянын коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
- Маминспекциянын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коет;
- Маминспекциянын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимдерге кол коет;
- ведомстволук, аймактык бөлүмдөргө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Маминспекциянын директорунун орун басарларынын ортосунда укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрөт;
- Маминспекциянын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Маминспекциянын ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Маминспекциянын кадрлар резервин түзөт;
- Маминспекциянын системасында иштеген кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- даттануулар жана арыздар боюнча ыкчам чара көрүү комиссиясын түзөт;
- Маминспекциянын кызматкерлерин сыйлоо маселесин чечет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген кызмат адамдарынын чечимдерин жана Маминспекциянын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн актыларын жокко чыгарат;
- Маминспекциянын ведомстволук сыйлыктарын уюштурат;
- Маминспекциянын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- Маминспекциянын борбордук аппаратында административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген кызматкерлерин, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын алардын жетекчилеринин сунушу боюнча, зоналык, райондук ветеринардык лабораториялардын жетекчилеринин жана башка кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
14. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик фитосанитардык инспектору жана Маминспекциянын аймактык органдарынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторлору мамлекеттик контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларын Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария жаатындагы мыйзамдары менен берилген ыйгарым укуктардын чектеринде ишке ашырышат.
15. Маминспекцияда тиешелүү жумушчу топтор жана комиссиялар түзүлөт.
16. Маминспекцияда 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча Маминспекциянын директорунун орун басарлары эсептелет. Маминспекциянын директору Маминспекциянын коллегиясынын төрагасы болуп саналат.
Коллегиянын калган мүчөлөрү Маминспекциянын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин чечими менен бекитилет.
Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары кирет.
17. Мамлекеттик инспекторлордун тизмеси ар жылдык негизде аныкталат жана Маминспекциянын директорунун буйругу менен бекитилет.
18. Маминспекциянын инспекциялоо укугу берилген кызматкерлери кызмат адамдары болуп саналышат, Маминспекциянын директору тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү энчилүү жана номерлүү мөөрлөргө ээ болушат.
Маминспекциянын кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген көрсөтмөлөрдүн бланктарын жана отчеттун формаларын пайдаланышат.
Маминспекциянын ведомстволук актылары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Маминспекциянын буйругу;
- Маминспекциянын токтому;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаза салуу жөнүндө токтом.
19. Маминспекциянын ведомстволук жана аймактык органдары өз алдынча иштерин жүргүзөт жана түздөн-түз Маминспекцияга баш иет.
20. Маминспекциянын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана ишке ашырылат.
21. Маминспекциянын жетекчилеринде жана адистеринде кызматтык күбөлүк болот жана алар кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген бирдиктүү үлгүдөгү ведомстволук формалык кийимди кийип жүрүүгө милдеттүү.
7-глава. Жоопкерчилик
22. Маминспекциянын кызмат адамдары өздөрүнө тапшырылган милдеттерди аткарышпаса же талаптагыдай эмес аткарышса, мыйзамга каршы иш-аракети (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, жарандык жана жазыктык жоопкерчиликке тартылышат.
23. Мамлекеттик кызматкерлеринин аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.
8-глава. Мүлк жана финансы
24. Маминспекциянын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
25. Маминспекциянын борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык органдарынын чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын эсепке түшкөн каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
9-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
26. Маминспекцияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
27. Маминспекциянын иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.