Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 202 токтомуна) |
Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) заманбап технологиялык жетишкендиктердин деңгээлинде өнүккөн инфратүзүмү менен Асман экологиялык таза шаарын уюштуруу, долбоорлоо жана куруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган жана координацияланган ишин, жарандык коом, жеке сектор, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу орган болуп саналат.
Мамлекеттик дирекция Асман экологиялык таза шаарын долбоорлоо жана куруу максатында министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын, алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоону ишке ашырат.
2. Мамлекеттик дирекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик дирекция юридикалык жак болуп саналат, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штампы жана бланктары, эмблемасы, ошондой эле Борбордук казыналыкта жана банктарда алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик дирекциянын уюштуруучулук-укуктук формасы - мекеме.
Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик дирекциянын фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мекемеси;
расмий тилде: "Государственная дирекция по строительству экологически чистого города Асман".
5. Мамлекеттик дирекция өзүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
6. Мамлекеттик дирекциянын жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары.
2. Негизги милдеттер
7. Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
- Асман экологиялык таза шаарын долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчынын функцияларын аткаруу;
- инвестицияларды тартуу жана ресурстук камсыз кылууну башкаруу;
- долбоорго мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо.
3. Мамлекеттик дирекциянын функциялары
8. Мамлекеттик дирекция жүктөлгөн милдеттерине ылайык Асман экологиялык таза шаарын куруу маселелери боюнча төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- "Асман экологиялык таза шаар" долбоорунун чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен каржылануучу турак жай, социалдык, өнөр жай жана башка багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчынын функцияларын аткарат;
- жаңы инфратүзүмдү түзүү жана колдонуудагыны модернизациялоо концепциясын, стратегиясын, программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгууну, көчүрүү системасын пландоону жана аларды ишке ашыруу боюнча иштерди уюштурууну координациялайт;
- инвестициялык программаларды түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт, белгиленген тартипте ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна сунуштарды киргизет;
- инвесторлор, финансылык институттар жана эл аралык уюмдар менен курулушка байланышкан макулдашуулардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
- ведомстволор аралык, тармактар аралык, аймактык, финансылык-экономикалык, инвестициялык жана башка пландарды иштеп чыгууну координациялайт;
- курулуш менен байланышкан тышкы жана ички инвестицияларды, финансылык, техникалык жана башка ресурстарды тартат;
- курулуш маселелери боюнча өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенет;
- программалардын жана долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт, баалайт жана контролдойт.
9. Мамлекеттик дирекция курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Асман экологиялык таза шаарын долбоорлоо жана куруу маселелери менен түздөн түз байланышкан башка функцияларды жүзөгө ашырат.
4. Мамлекеттик дирекциянын укуктары
10. Мамлекеттик дирекция ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоого;
- долбоорлоо жана куруу боюнча иштер үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүн, ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди тартууга;
- Асман экологиялык таза шаарын долбоорлоо жана куруу маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруу жөнүндө отчётторду даярдоого;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Асман экологиялык таза шаарын долбоорлоо жана куруу боюнча товарларды жеткирип берүүгө, иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүлөргө заказдарды жайгаштыруу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- долбоорлоо жана куруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди тартууга;
- курулушу аяктаган объекттерди эксплуатацияга кабыл алуу боюнча жумушчу комиссияларды түзүүгө;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка органдардан долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди аткарууга зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Мамлекеттик дирекциянын өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүгө;
- эксперттик, техникалык, өндүрүштүк жана долбоорлоо жана куруу менен байланышкан башка милдеттерди аткаруу үчүн жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте филиалдарды жана өз алдынча бөлүмдөрдү түзүүгө;
- долбоорлоого жана курууга тышкы жана ички финансылык, техникалык жана башка ресурстарды тартуу боюнча иштерди уюштурууга;
- жеке өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге катышууга, жарандык-укуктук мамилелерде тарап катары чыгууга.
5. Мамлекеттик дирекциянын ишин уюштуруу
11. Мамлекеттик дирекцияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор башкарат.
12. Мамлекеттик дирекциянын түзүмүнө ылайык башкы директордун биринчи орун басары жана орун басарлары бар.
Башкы директордун орун басарлары башкы директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз башкы директорго баш ийет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик дирекциянын ишин уюштурат.
Башкы директор жок учурда анын милдеттерин башкы директордун биринчи орун басары аткарат.
13. Башкы директор:
- Мамлекеттик дирекциянын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- түзүмдү, штаттык расписаниени жана Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө чыгымдардын сметасын бекитет;
- архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана аларга өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну тапшырат, ыкчам, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Мамлекеттик дирекциянын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт, кызмат ордунан которот жана бошотот, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Мамлекеттик дирекциянын чыгымдарынын сметасынын чегинде белгиленген тартипте финансылык каражаттарды тескейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6. Мамлекеттик дирекцияны кайра уюштуруу жана жоюу
14. Мамлекеттик дирекцияны кайра уюштуруу жана жоюу юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
15. Мамлекеттик дирекциянын ишинин процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.