Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатууда анын кызыкчылыктарына көмөк көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттеринин тышкы экономикалык иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Ишкананын уюмдаштыруучу документи болуп ушул Устав саналат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, мамлекеттик башкаруу органынын актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкана чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугуна негизденген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, ошондой эле өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн актоонун негизинде жүргүзөт, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар.
5. Ишкананын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Таможенная инфраструктура" при Государственной таможенной службе при Министерстве финансов Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "State Enterprise "Customs Infrastructure".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бажы инфраструктурасы" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Таможенная инфраструктура";
- англис тилинде: "SE "Customs Infrastructure".
6. Ишкана белгисиз мөөнөткө түзүлдү.
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, № 2А.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык аталышы камтылган мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка реквизиттери, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдик берүүнү (кепилдикти) өзүнө алган учурлардан тышкары, мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ага тете мамлекет да Ишкананын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп эсептелет. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда жана оперативдүү башкаруу укугунда мүлккө ээ.
11. Ушул Уставда каралган ишти жүзөгө ашыруу максатында Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилүүчү жоболордун негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12. Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
13. Ишкананын төмөнкүдөй филиалдары бар:
- Түштүк филиалы, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Раззаков проспекти, 17г;
- Чыгыш филиалы, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын шаары, Ленин көчөсү, 76;
- Батыш филиалы, жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Талас шаары, Токтогул көчөсү, 45.
2-лава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бажы органдарынын материалдык-техникалык базасын жана алардын инфраструктурасын өнүктүрүү шарттарын камсыз кылуу, автомобилдик, темир жол жана башка өткөрүү пункттарын абаттоо, аларды эл аралык практикада кабыл алынган стандарттарга ылайык келтирүү;
2) бажы инфраструктурасын техникалык эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү, имараттардын, курулмалардын, инженердик тармактардын жана жабдуулардын абалын контролдоону камсыз кылуу;
3) бажы органдарынын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, түзүү, ишке киргизүү, эксплуатациялоо, коштоо жана модернизациялоо;
4) жеке жана юридикалык жактарга бажы иши чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү;
5) Ишкана тарабынан мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түз мамлекеттик заказды аткаруу;
6) мамлекеттик башкаруу органы үчүн жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана социалдык багытталган долбоорлорду ишке ашыруу;
7) кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүүчү толук кандуу логистикалык оператордун жана логистикалык борборлордун натыйжалуу формасын түзүү: пландаштыруу, товарларды ташуу, кампага жыюу, сактоо, бажылык тариздөө, убактылуу сактоо кампаларын, бажы кампаларын, алымсыз соода дүкөндөрүн, ошондой эле бажы иши менен байланышпаган башка коммерциялык долбоорлорду уюштуруу.
15. Аталган максаттарды ишке ашыруу үчүн Ишканага төмөнкү милдеттер жүктөлгөн:
1) мамлекеттик башкаруу органынын материалдык-техникалык базасын түзүү жана өнүктүрүү жаатында:
- өткөрүү пункттарын абаттоо, мамлекеттик башкаруу органынын кызыкчылыгында курулушка ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактарды тартуу менен бажы инфраструктурасын, ошондой эле бажылык, жарандык жана социалдык багыттагы башка объекттерди комплекстүү куруу жана реконструкциялоо пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- курулушка, долбоорлук-сметалык, конструктордук жана башка курулуш документтерин иштеп чыгууга байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
- бажы органдарынын ишин жүргүзүү үчүн алардын өтүнмөлөрү боюнча техникалык контролдоо каражаттарын, кеңсе техникаларын, жабдууларды, эмеректерди, байланыш каражаттарын, запастык бөлүктөрдү жана курулуп жаткан жана эксплуатациялануучу бажы объекттерин жабдуу үчүн зарыл болгон башка мүлктү сатып алуу;
- Ишкананын милдеттерин ишке ашыруу үчүн материалдарды, буюмдарды жана жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жүргүзүлүүчү бир булактан методу менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жалгыз жеткирүүчү катары чыгуу;
- бажы инфраструктурасынын объекттерин, анын ичинде социалдык багыттагы объекттерди түзүүнүн жана өркүндөтүүнүн программаларын жана пландарын даярдоо жана аткаруу;
- бажы инфраструктурасынын объекттерин, анын ичинде социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону уюштуруу, заказчынын (куруучунун) функцияларын аткаруу;
- бажы инфраструктурасынын объекттери боюнча капиталдык курулуштун, капиталдык оңдоонун, долбоордук-изилдөө иштеринин, бажы органдары үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуунун, кыймылсыз жана бошотулган кыймылдуу мүлктү сатуунун жылдык жана келечектүү пландарын иштеп чыгуу;
- материалдык-техникалык ресурстарды жана кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун жана иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө, ошондой эле бажы органдарынын социалдык базасын өнүктүрүү тууралуу сунуштарды даярдоо жана мамлекеттик башкаруу органына жиберүү;
- мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын жана башка бажы инфраструктурасын абаттоо, техникалык жабдуу менен байланышкан маселелерди мамлекеттик башкаруу органы жана кызыкдар жактар менен иштеп чыгуу;
- бажы инфраструктурасы жана бажы иши чөйрөсүндөгү функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жабдууларды, инвентарды, башка товарларды сактоо жана ташуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдерди, жабдууларды, инвентарды жана башка товарларды жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү контракттарды, товарлардын, жабдуулардын жана техниканын заводдору, өндүрүүчүлөрү, даярдоочулару, дистрибьюторлору менен түз келишимдерди жана/же макулдашууларды түзүү;
- түзүлгөн келишимдерге ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү жабдуулардын, станоктордун жана башка техниканын заводдорунун жана өндүрүүчүлөрүнүн өкүлүнүн жана/же дистрибьюторунун функцияларын жүзөгө ашыруу;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- бажы инфраструктурасын өнүктүрүү чөйрөсүнө инвесторлорду тартуу;
2) бажы инфраструктурасын жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүү жаатында:
- тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк жактардын катышуусунда бажы инфраструктурасын, анын ичинде бажы кампаларын жана убактылуу сактоо кампаларын, алымсыз соода дүкөндөрүн, ошондой эле мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды, транспорт каражаттарын жана буюмдарды сатуу боюнча дүкөндөрдү жана акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүнүн башка ар кандай объекттерин өнүктүрүү;
- жеке жана юридикалык жактар үчүн акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн келечектүү программаларын иштеп чыгууга катышуу. Кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын конъюнктурасын изилдөө, бажылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө рыногундагы баалар жана баа түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- бажы инфраструктурасын пайдалануу боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк жактар менен биргелешкен ишке катышуу;
- убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси жана алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары кызматтарды көрсөтүү;
- бажы өкүлү катары иш жүргүзүү;
- товарларды декларациялоо жаатында жеке жана юридикалык жактарга кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле бажы маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык иш жүргүзүү;
- бажы операциялары боюнча адистерди даярдоонун окуу процессин уюштуруу, бажы иши боюнча конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү;
- редакциялык-басма ишин жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу органынын заказы боюнча басып чыгаруу, бажы маселелери боюнча ченемдик актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишине байланышкан жарнамалык жана башка материалдарды жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын социалдык программаларын ишке ашырууга катышуу;
3) бажы органдарынын маалыматтык системаларын өнүктүрүү жаатында:
- бажы органдарынын маалыматтык системаларын жана программалык продукттарын иштеп чыгуу, түзүү, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо;
- бажы органдарынын эксплуатациялоого киргизилген маалыматтык системаларын жана программалык продукттарын техникалык коштоо жана модернизациялоо;
- бажы органдарынын маалыматтык системаларын өнүктүрүү максатында техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу;
- бажы органдарынын маалыматтык системаларын эксплуатациялоодо аларды пайдалануучуларды окутуу, ошондой эле маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.