Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 8-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргыз почтасы" при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "State Enterprise "Kyrgyz Post" under the Ministry of Digital Development and Communications of the Kyrgyz Republic".
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз почтасы" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргыз почтасы";
- англис тилинде: SE "Kyrgyz Post".
5. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда мүлккө ээ болгон мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары, логотиби жана башка атрибуттары бар жана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачуу укугу менен толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.