Загрузка документа…
10-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 , 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун (мындан ары – КАБ) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. КАБ Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун укугун улантуучу болуп саналат.
3. КАБ Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, шайкештикти баалоо боюнча органдардын (мындан ары – ШБО) компетенттүүлүгүн ырастоого, аларга ишенимди камсыздоого жана алардын ишинин жыйынтыктарын таануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу жана аккредитациялоо боюнча улуттук орган болуп саналат.
4. КАБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, аккредитация боюнча эрежелерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. КАБдын уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
6. КАБ аккредитациялоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда калыстыкты камсыздоого тийиш.
7. КАБ юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле өзүнүн логотиби бар.
8. КАБ белгиленген тартипте казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга, өз алдынча баланска ээ болууга, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды ээлөөгө жана милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
9. КАБдын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору»;
– расмий тилде: «Кыргызский центр аккредитации при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики».
10. КАБдын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз аккредитациялоо борбору»;
– расмий тилде: «Кыргызский центр аккредитации».