Загрузка документа…
12-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Борбор) жөнүндө ушул жобо ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана Борбордун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасында адал-индустриясын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык талаптарга ылайык ата мекендик адал-продукцияны илгерилетүү чөйрөсүндө иш жүргүзөт.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Борбор юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, банктарда жана казыналык системасында бюджеттик, депозиттик, атайын жана башка эсептери бар.
Борбордун уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
4. Борбордун толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси»;
– расмий тилде: «Государственное учреждение «Центр по развитию халал-индустрии» при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики».
5. Борбордун кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Адал-индустриясын өнүктүрүү борбору»;
– расмий тилде: «Центр по развитию халал-индустрии».
6. Борбордун юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. Борбордун ишинин максаты
7. Борбордун ишинин максаты Кыргыз Республикасында адал-индустриясын өнүктүрүү болуп эсептелет, атап айтканда эл аралык стандарттарга жана адал-продукцияларга карата талаптарга ылайык ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.