Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 218, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 10-майындагы № 229 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары – МСК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МСК Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. МСК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштөөчү, бюджетке салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноону, алардын өз убагында жана толугу менен төлөнүшүнө контроль жүргүзүүнү, жеке жактарды жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
4. МСК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. МСК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
6. МСК юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы жана чыгымдар сметасы, обочолонгон мүлкү, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, фирмалык бланктары, бурчка басылуучу штамптары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. МСК борбордук органдан жана аймактык салык органдарынан турат.
МСКнын борбордук органы ыйгарым укуктуу салык органы болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамында каралган бардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
8. МСКнын туусу, символика белгилери бар; МСКнын кызматкерлери атайын формадагы кийим кийишет.