Загрузка документа…
| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326, 2024-жылдын 6-майындагы № 217, 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун (мындан ары ‒ Фонд) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Фонд Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Фонд Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары ‒ Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, бюджеттик кредиттөө жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга өзгөчө укукка ээ болгон, финансылык жана финансылык эмес активдерди башкаруу боюнча операцияларды Министрликтин атынан жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Фонд өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Фонд өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес коомчулугу, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип ишке ашырат.
6. Фонд юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, өзүнчө мүлкү, казыналык системада өздүк эсептери, ошондой эле бюджеттик мыйзамдарда белгиленген тартипте коммерциялык банктардагы эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн кыргыз, орус жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы ‒ ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Фонддун толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд”;
2) расмий тилде: “Финансово-кредитный фонд при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.
8. Фонддун кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Финансы-кредиттик фонд”;
2) расмий тилде: “Финансово-кредитный фонд”.
9. Фонддун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
2. Фонддун ишинин максаты
10. Фонддун ишинин максаты болуп бюджеттик кредиттерди, ошондой эле финансылык жана финансылык эмес активдерди натыйжалуу башкаруу жолу менен республиканын экономикасынын тармактарын өнүктүрүү жана аларга колдоо көрсөтүү саналат.
3. Фонддун милдеттери
11. Фонддун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык берилген бюджеттик кредиттерди башкаруу;
2) финансылык жана финансылык эмес активдерди башкаруу боюнча операцияларды ишке ашыруу;
3) мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында экономика тармактарын финансылык колдоо;
4) зайымчылар менен Министрликтин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
5) уюштуруучусу жана акционери Министрлик болгон мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү жана ишке ашыруу.
4. Фонддун функциялары
12. Фонд жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- бюджеттик кредиттөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын ишке ашыруу, финансылык жана финансылык эмес активдерди, анын ичинде утурлама фонддордун каражаттарын башкаруу;
- бюджеттик кредиттөөнүн жол-жоболорун өркүндөтүү жана өнүктүрүү, финансылык жана финансылык эмес активдерди башкаруу;
- кредит берүүгө байланыштуу мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин ишке ашыруунун алкагында юридикалык жактарды субсидиялоо;
- финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды ишке ашыруу;
- табигый кырсыктардан жапа чеккен Кыргыз Республикасынын калкына акысыз жардам көрсөтүү жана узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүү, ошондой эле берилген узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалардын кайтарылып берилишин камсыз кылуу;
- бюджеттик кредиттерди берүүнүн, пайдалануунун, тейлөөнүн жана төлөөнүн шарттарын көрсөтүү менен республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана Министрликке киргизүү;
- бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө өтүнмөлөрдү кароо жана алардын бюджеттик кредит берүүнүн принциптерине, критерийлерине жана шарттарына ылайык келүүсүнө карата корутундуларды берүү;
- Министрликтин атынан кредиттик жана лизингдик келишимдерди, субсидиялоо жөнүндө келишимдерди жана Фонддун функцияларын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында башка келишимдерди, макулдашууларды түзүү;
- зайымчы менен Министрликтин же Фонддун ортосунда түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык бюджеттик кредиттерди өз убагында кайтарууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- кредиттик жана күрөө келишимдеринде жана макулдашууларда каралган күрөө предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жана бюджеттик кредиттер жана лизингдик төлөмдөр боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда өндүрүү жол-жоболорун, финансылык санкцияларды колдонуу;
- бюджеттик кредиттер жана лизинг боюнча карыздарды реструктуризациялоо боюнча сунуштарды киргизүү жана операцияларды жүргүзүү;
- бюджеттик кредиттер жана лизинг боюнча карызды которуу жол-жобосун ишке ашыруу;
- карызды тышкы башкаруу жана конвертациялоо жол-жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу;
- бюджеттик кредиттер жана лизинг боюнча кредитордун бузулган укуктарын соттук коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу;
- зайымчылар, лизинг алуучулар же үчүнчү жактар тарабынан бюджеттик кредиттер жана лизинг боюнча соттук актылардын өз ыктыяры менен аткарылышына багытталган чараларды ишке ашыруу;
- карызды мажбурлап өндүрүү жол-жоболорун ишке ашырууну демилгелөө, ага катышуу жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зайымчыларды жоюу жана банкроттук (кудуретсиздик) процесстерине катышуу;
- региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен берилүүчү бюджеттик кредиттерди администрациялоо;
2) жөнгө салуу функциялары:
- республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти алуучу, лизинг берилүүчү жана/же субсидиялануучу субъекттерди тандоо;
- карызкорлордун республиканын чегинен тышкары чыгуу укуктарын чектөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чараларды көрүү;
- бюджеттик кредиттерди, субсидияларды, финансылык жана финансылык эмес активдерди, лизинг предметтерин, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча зайымчылардын жана лизинг боюнча лизинг алуучулардын карызын жоюунун эсебинен өндүрүлгөн мүлктү эсепке алуу;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- бюджеттик кредиттердин жана лизинг предметтеринин максаттуу жана натыйжалуу пайдалануусуна мониторинг жүргүзүү, аларды максатсыз пайдалануу тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- зайымчылардын экономикалык жана финансылык ишине жана алардын бюджеттик кредиттер жана лизинг боюнча карыздарына мониторинг жүргүзүү;
- күрөөгө алынган мүлктүн абалын текшерүү, күрөөнү жоготуу, бузуу тобокелдиктерин же рыноктук конъюнктуранын өзгөрүүсү, суроо-талаптын жана баалардын төмөндөшү менен байланышкан башка тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- бюджеттик кредит боюнча зайымчынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөөнүн курамын белгилөө, өзгөртүү, жаңылоо боюнча операцияларды жүргүзүү;
- зайымчыларга кредиттик, лизингдик жана күрөө келишимдери боюнча өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткаруу тууралуу кабарламаларды, билдирүүлөрдү, доо-талаптарды жиберүү;
4) колдоо функциялары:
- бюджеттик кредиттерди жана лизинг берүү жолу менен каржылануучу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- бюджеттик кредит жана лизинг алууга талаптанган юридикалык жактардын финансылык ишине талдоо жүргүзүү;
- Фонддун иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарында Министрликтин кызыкчылыктарын көрсөтүү;
- Фонддун максаттарына жетүү үчүн Министрликтин ишинин чөйрөсүнө кирген багыттар боюнча тиешелүү иштерди Министрликтин тапшырмасы боюнча жүргүзүү;
- Фонддун иш чөйрөсүнө кирген багыттар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Министрликтин тапшырмасы боюнча мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иштерди аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илим изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) тартуу менен жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдарга Министрликтин атынан кепилдик берүү;
5) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- зайымчылардын экономикалык жана финансылык ишине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча аларга консультация берүү;
- бюджеттик кредиттерди жана Министрлик кредитор болуп саналган башка булактардын эсебинен берилген кредиттерди тейлөө боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылуу;
- бюджеттик кредиттер, лизинг жана Министрлик кредитор болуп саналган каржылоонун башка булактарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча зайымчылардын карыздарынын абалы жөнүндө маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326, 2024-жылдын 6-майындагы № 217, 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомдорунун редакцияларына ылайык)