Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына
ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ТАРИФТИК САЯСАТЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 299, 2021-жылдын 23-декабрындагы № 328, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 517, 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 657, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 190, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 602, 2024-жылдын 10-декабрындагы № 752 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Киришүү
Ушул Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) электр энергиясын пайдаланууну керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн сактоо максатында иштелип чыккан.
Электр энергиясына ОМТС менен белгиленген тарифтерди колдонуу аны натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, энергияны үнөмдөө боюнча чараларды киргизүү, ошондой эле жылытуу максатында энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу боюнча керектөөчүлөргө түрткү берет. Бул багытта, ОМТСтин алкагында калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн социалдык-багыттоо тарифтери боюнча электр энергиясын жеңилдик менен керектөөнүн ар айлык көлөмү сакталууда.
2-глава. Жалпы принциптер
Бул ОМТС төмөнкү принциптерге негизделген:
- наркынан төмөн белгиленген электр энергиясына карата социалдык- багыттоо тарифтери сакталып калышы керек;
- калк үчүн электр энергиясына карата тарифтер социалдык- багыттоочу электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде гана колдонулушу керек;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- тарифтер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүүгө жана керектөөчүлөрдү энергия менен жабдуунун сапатын жакшыртууга түрткү берүүгө тийиш.
3-глава. Тарифтер
Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөөдө калк үчүн күтүүсүз экономикалык кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, ОМТС электр энергиясына болгон тарифтерди өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүүнү карайт. Ошол эле учурда калк үчүн тарифтердин социалдык багытталышы электр энергиясын сарптоонун ай сайын 700 кВт саат көлөмүндө чектелген босогосун сактоо менен электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган (бийик тоолуу аймактарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган тиричиликтик керектөөчүлөрдү кошпогондо). Катаал климаттык шарттарды жана узак күзгү-кышкы мезгилди эске алганда, бийик тоолуу райондордо жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн 700 кВт саат өлчөмүндө электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн ар айдагы көлөмүнүн чеги белгиленбейт.