Загрузка документа…
| 4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 488, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту энергетика жаатындагы илимий-изилдөө, илимий-билим берүү, долбоордук-изилдөө жана өндүрүштүк-коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин карамагындагы мекеме болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун укугун улантуучу болуп саналат.
Институт Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине отчет берет.
Институттун иши Кыргыз Республикасынын илимий чөйрөдөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону, Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалуулукка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга ээ.
5. Институттун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Научно-исследовательский институт энергетики при Министерстве энергетики Кыргызской Республики".
Институттун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭИИИ";
- расмий тилде: "НИИЭ".
Институттун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
6. Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
7. Институттун юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
8. Институт өзүнүн ишин жеке жактар жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
9. Институттун максаты Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын илимий-техникалык жактан камсыздоо, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны өнүктүрүү болуп саналат.
10. Коюлган максатты ишке ашыруу үчүн Институт төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) экологиялык коопсуздук аспектилерин эске алуу менен энергетика тармагын өнүктүрүүнү илимий камсыздоо;
2) республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселелерин илимий негиздөө;
3) экономика тармактарынын жана региондордун отун-энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талабын талдоо жана болжолдоо;
4) энергия үнөмдөөчү программаларды иштеп чыгуу жана энергия үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду ишке киргизүү;
5) энергияны үнөмдөө, энергиянын майнаптуулугу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары - ЭКБ) жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
6) энергия үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду киргизүү менен ведомстволук жана региондук концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана механизмдерди иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү;
7) менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, анын ичинде республиканын бюджеттик чөйрөсүнүн жана отун-энергетикалык комплексинин (мындан ары - ОЭК) ишканаларынын энергетикалык менеджерлерин, энергоаудиторлорун жана адистерин даярдоо жана кайра даярдоо;
8) ОЭК ишканаларына, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу бюджеттик уюмдарга энергетикалык изилдөө жүргүзүү;
9) республиканын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын, башка энергия булактарын пайдалануунун лимиттеринин анык чоңдугун аныктоо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
10) энергетика тармагындагы техникалык багыттагы актуалдуу маселелерди (ишенимдүүлүк, үнөмдүүлүк, модернизациялоо, жаңы технологиялар, стандарттар жана башкалар) чечүү;
11) энергетикалык ишканаларда электр энергиясын жоготуу ченемдерин белгилөө үчүн берилген материалдарга экспертиза жүргүзүү;
12) ОЭК ишканаларынын ишинин ченемдик-техникалык базасын өркүндөтүү;
13) энергетикалык илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.