Загрузка документа…
| 5-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 488, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 759 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту чарбалык эсеп жана толук өзүн-өзү каржылоо шарттарында энергетика жаатында илимий-изилдөө, долбоордук-издеп табуу, коммерциялык ишин жүзөгө ашырган мекеме болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун укугун улантуучу болуп саналат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдеги аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Институттун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту";
- расмий тилде: "Кыргызский государственный научно-исследовательский и проектно-изыскательский институт "Энергопроект" при Министерстве энергетики Кыргызской Республики".
Институттун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Энергодолбоор" "КМИИжДТИ";
- расмий тилде: "КГНИиПИИ "Энергопроект".
5. Институттун юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 7 б.
6. Институт ыкчам башкаруу укугунда мүлккө ээ, мүлктү сатып алууга укуктуу, өз алдынча балансы, мөөрү бар, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзөт, ошондой эле соттордо доогер жана жоопкер катары чыга алат.
7. Институттун иши Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жайгашкан электр энергиясын керектөөчүлөрдү электрлештирүү жана электр менен камсыздоо боюнча илимий-техникалык жана долбоордук продукцияны иштеп чыгууга, ошондой эле каражаттарды үнөмдөөгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган.
8. Институт өз ишин жеке жактар жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзөт.
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
9. Институттун максаты өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. Институттун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары электр тармактык өнөр жай жана жарандык курулуштун заказчыларын долбоордук-сметалык документтер менен камсыз кылуу;
2) илимий негизде электр тармактык жана башка объекттерди долбоорлоонун жана куруунун алдынкы технологияларын киргизүү;
3) электр энергиясын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын, продукцияга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө алардын талаптарын эсепке алуу;
4) бекитилип берилген мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана сактоо.
11. Институттун ишинин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) 0,4-500 кВ электр тармактарын келечектүү өнүктүрүүнүн илимий жана техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;
2) электр берүү линияларын жана подстанцияларын изилдөө жана долбоорлоо;
3) оңдоо-эксплуатациялык базаларды, турак үйлөрдү жана башка өнөр жай жана социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоо;
4) электр тармактык курулуштун жана энергетиканын башка багыттарындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер.
3-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
12. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ага бекитилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө;
2) экономикалык өнүктүрүүнүн жылдык жана узак мөөнөттүү болжолдорун иштеп чыгууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө юридикалык жана жеке жактар менен өз ишинин алкагында макулдашууларды, контракттарды жана келишимдерди түзүүгө;
4) анын менчигинде турган мүлктү башкарууга;
5) илимий изилдөөлөрдү каржылоого конкурстарга катышууга;
6) башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
7) энергетика комплексинин долбоорлорун иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларды макулдашууга;
8) өндүрүлгөн продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, алынган кирешени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өз алдынча тескөөгө;
9) Институттун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга.
13. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) илимий-техникалык иштеп чыгуулардын жана чечимдердин натыйжаларынын сапаты жана объективдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартууга;
3) эл аралык стандарттарга жооп берген илимий-техникалык жана башка продукциянын жогорку сапаттагы атаандаштык деңгээлин камсыз кылууга;
4) Кыргыз Республикасынын энергетикалык комплексинин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана инженердик иштеп чыгууларды жүргүзүүгө;
5) илимий-техникалык уюмдардын башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
7) оперативдүү башкарууга берилген негизги жана жүгүртүү каражаттарын жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
8) 5 жылда бир жолудан кем эмес Институттун кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүгө.