Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмдан алынган чет өлкөлүк валютаны эсепке алуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмду каттоо, салык милдеттенмелерин эсептөө жана аткаруу тартиби
Ушул Тартип Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмдан салык милдеттенмесин аткаруу эсебине алынган чет өлкөлүк валютаны эсепке алуунун тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюм салыктык милдеттенмени чет өлкөлүк валютада аткарууга укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык “Туруктуу мекеме” түшүнүгү жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон чет өлкөлүк уюм тарабынан электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү камтыбайт (мындан ары - чет өлкөлүк уюм).
4. Чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалымат ресурсунун электрондук кызматы аркылуу жиберилген арыздын негизинде жүргүзүлөт.
5. Салыктык каттоо жөнүндө арыз жеткирүүлөрдү жүргүзүү башталганга чейин маалымат ресурсу аркылуу электрондук түрдө берилет. Чет өлкөлүк уюмдар мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык катталууга жатат.
6. Кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) ставкасы чет өлкөлүк уюмдун жеткирүүлөрүнө карата 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
7. Жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан электрондук кызматтарды көрсөтүү салыктык база болуп эсептелет. Жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан электрондук кызматтарды көрсөтүүдө кызмат көрсөтүү үчүн төлөм (жарым-жартылай төлөм) келип түшкөн салык мезгилинин акыркы күнү салыктык базаны аныктоо датасы болуп эсептелет.
8. КНСти эсептөөдө салык мезгили болуп календардык квартал саналат.
9. Салык отчетун берүүнүн акыркы мөөнөтү - отчеттук кварталдан кийинки айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен.
Салык милдеттенмесин төлөө мөөнөтү - отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен.
10. Чет өлкөлүк уюм салык отчетун берет жана салык милдеттенмелерин тандоо боюнча чет өлкөлүк валютада (АКШ доллары, евро, орус рубли, казак теңгеси, кытай юаны) же улуттук валютада (кыргыз сому) маалымат ресурсу аркылуу аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Салык төлөө Кыргыз Республикасынын кирешелеринин бюджеттик классификациясынын - “11 411 500 (Чет өлкөлүк уюмдардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгы)” киреше элементи боюнча жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында чет өлкөлүк валютада келип түшкөн салыкты эсепке алуу
12. Чет өлкөлүк уюмдардан салыктык милдеттенмелерди аткаруу эсебине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы (мындан ары - Казыналык) ушул Тартиптин 10-пунктунда аталган чет өлкөлүк валюталардын түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу банкта мультивалюталык эсепти аныктайт жана ачат.