Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 38 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 токтомуна) |
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун СТРАТЕГИЯСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 316, 2024-жылдын 26-июлундагы № 428 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Киришүү
Ушул 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каржылоого муктаждыгын зайымдык каражаттарды тартуу аркылуу камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү иш-чаралар планы болуп саналат.
2-глава. Мамлекеттик карызды башкаруунун максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каржылоого муктаждыгын эң аз чыгымдар жана тобокелдиктин акылга сыярлык деңгээли менен карыз алуу аркылуу камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү;
- мамлекеттик карыздын туруктуулугун колдоо.
3-глава. Стратегияны камтуу
Ушул Стратегия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиктерин жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын карыз милдеттенмелери ушул Стратегияны колдонуу чөйрөсүнө кирбейт.
Ушул Стратегиянын чаралары жана максаттуу көрсөткүчтөрү 2022-2024-жылдар мезгилине жайылтылат. Зарыл болгондо макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, бюджеттик-салык саясатынын параметрлеринин жана ата мекендик жана эл аралык финансы рынокторундагы динамиканын өзгөрүшүн эске алуу менен Стратегияны жыл сайын жаңылоо жүргүзүлөт.
4-глава. Тышкы карыз
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө өбөлгө болгон бир кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго тартылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеңилдетилген тышкы мамлекеттик карыз алууларды гана тартуу саясатын улантат: жаңы тышкы кредиттер грант-элементтин 35 пайыздык минималдуу маанисин сактоо менен тартылат.
Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууда бир нече булактардан зайымдарды тартуунун же зайымдарды гранттык каражаттар менен айкалыштыруунун эсебинен бардык тартылган зайымдык жана/же гранттык каражаттарды (бириктирилген грант-элемент) эске алуу менен жеңилдиктердин деңгээлин эсептөөгө жол берилет. Бириктирилген грант-элементтин мааниси ошондой эле 35 пайыздан кем болбоого тийиш.
Тышкы карыздын ашыкча топтолушу менен коштолгон потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу тышкы карыздын жалпы суммасынын 45 пайызынан ашпаган бир кредитордун алдындагы тышкы карыздын сандык чектелишин белгилөө жана сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Карыздык оорчулуктун учурдагы деңгээлин жана андан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын карызынын туруктуулугунун мүмкүн болгон чакырыктарын эске алуу менен, капиталдын эл аралык рыногунда мамлекеттик карыз алууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан потенциалдуу чыгымдардын жана тобокелдиктердин табиятын жана масштабын түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тышкы финансы рынокторунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруудан жана жайгаштыруудан карманат.
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн кыйла жагымдуу шарттар (пайдалуу купондук ставкалар, саясий туруктуулук, ИДПга карата мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээли) түзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу тышкы карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдү кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеткиликтүү механизмдердин, анын ичинде көп тараптуу жана эки тараптуу форматта карыздарды конверсиялоо боюнча операциялардын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуризациялоо жана/же кыскартуу боюнча ишти улантат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Ички карыз
Мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу мамлекеттик баалуу кагаздарды (мамлекеттик казыналык облигациялар жана мамлекеттик казыналык векселдер) чыгаруу жана жайгаштыруу баа түзүүнүн рыноктук механизмдери аркылуу, атап айтканда аукциондор аркылуу гана жүргүзүлөт.