Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Жобо "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо расмий статусу бар үрөнчүлүк чарбаларына артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн республикалык бюджеттен мамлекеттик дотация берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Дотациялануучу үрөндөрдү берүү үчүн үрөнчүлүк чарбасын тандоодо негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- белгиленген тартипте ыйгарылган үрөнчүлүк чарбасы статусунун болушу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында салыктык жана ижаралык төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу;
- Кыргыз Республикасында кабыл алынган схемаларга ылайык, "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде сортту жаңыртууну жана сортту алмаштырууну жүргүзүү;
- сорттордун жана гибриддердин үрөндөрүн өндүрүү үчүн үрөндүк айдоо аянттарынын түзүмүндө Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Мамреестр) киргизилген артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле үрөндөрдү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тартыш жана перспективдүү сортторунун болушу;
- үрөндөрдү, көчөт материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери жүргүзгөн талаа инспекциясынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, натуралдык көрсөткүчтөрдөгү (тонна), жогорку сорттук жана себүү сапаттарына ээ артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрүнүн көлөмүнүн болушу;
- алуучуларга артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган жана кара көсө илдетине каршы дарыланган үрөндөрдү берүүнүн камсыз кылынышы;
- дарыланган үрөн материалынын белгиленген үлгүдөгү этикеткасы бар тарада берилиши.
2. Квоталарды аныктоонун жана бөлүштүрүүнүн тартиби
3. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрүнө квоталарды аныктоо айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максаттарына жараша жүзөгө ашырылат.
Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук оригиналдуу (суперэлиталык) үрөндөрүнүн түрлөрү боюнча сорттук сертификатталган үрөндөргө квота бөлүүгө айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген сорт жаңыртуунун жана сорт алмаштыруунун жылдык планынын негизинде биринчи топтогу статуска ээ үрөнчүлүк чарбалары үчүн гана жол берилет.
4. Айылдык аймактардын керектөөлөрүн эске алуу менен аларга үрөндөрдүн квоталарын бөлүштүрүүнү жана дотациялык үрөндөрдү берүү үчүн үрөнчүлүк чарбаларын аныктоону жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын чечими менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын айыл чарбасын тейлеген орун басарынын төрагалыгы астында, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин, үрөндөрдү, себүү материалдарын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, айыл өкмөтүнүн (макулдашуу боюнча) жана райондук социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлдөрүнүн курамында түзүлгөн райондук комиссиялар жүзөгө ашырат.