Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 183, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында сервердин жайгашкан жерине карабастан казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, онлайн-казинолордо, электрондук (виртуалдык) казинолордо, букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо кумар оюндарын уюштурууга, өткөрүүгө жана аларга кирүүгө мүмкүндүк берүүгө байланышкан оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши мамлекеттик жөнгө салынууга тийиш. Оюн-зоок иши жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты аларды уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан социалдык тобокелдиктерди азайтуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, ошондой эле кумар оюндарын уюштуруучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу болуп саналат.
3. Мамлекеттик жөнгө салуу өзүнө оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү, тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну, оюн-зоок жайларын лицензиялоону, контролдоону жана көзөмөлдөөнү, оюндардын катышуучуларынын, оюн-зоок ишинин субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камтыйт.
4. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- кумар оюндарынын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо;
- уюштуруучулар тарабынан оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу;
- бардык оюнчулар үчүн кумар оюндарына катышуунун бирдей шарттарын жана катышуучулардын ушул шарттарды сактоосун камсыз кылуу;
- кумар оюндары жаатындагы ишти жүзөгө ашырууда адилеттүүлүктү жана объективдүүлүктү камсыз кылуу;
- кумар оюндарынын жыйынтыгына сырттан таасир этүү мүмкүндүгүнө жол бербөө;
41. Оюн-зоок жайларынын кардарлары үчүн белгиленүүчү чектөөлөр:
кумар оюндарына катышууга төмөнкүлөргө жол бербөө:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына;
- 21 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандарга;
- аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жарандарга.
оюн-зоок жайларынын төмөнкү кардарларына тыюу салуу:
- алкоголдук же башка абдан мас абалында оюн-зоок жайларына барууга;
- оюн-зоок жайынын уруксаты жок видеого, сүрөткө, тартууга;
- оюн-зоок жайынын кызматтык зонасына кирүүгө.
5. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуунун формалары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- оюн-зоок иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоо;
- оюн-зоок ишин лицензиялоону жүзөгө ашыруу;
- оюн-зоок ишине мамлекеттик контролду жүргүзүү.
6. Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишинин төмөнкүдөй түрлөрү жүзөгө ашырылат:
- казино;
- оюн автоматтары залы;
- букмекердик кеңсе;
- тотализатор;
- онлайн-казино;
- электрондук (виртуалдык) казино.
7. Кумар оюнун уюштуруучу оюн-зоок ишинин лицензияда көрсөтүлгөн түрлөрүн жана оюн-зоок ишинин ар бир түрүнө арыз берүүчүгө берилүүчү тиешелүү лицензияны алгандан кийин гана өткөрүүгө милдеттүү, ошондой эле оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин макулдашкандан кийин кумар оюндарын өткөрүүгө жана кирүүгө мүмкүндүк берүүгө укуктуу.
8. Оюн-зоок жайына келүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде уюштуруучу тарабынан белгиленген Оюн-зоок жайынын кумар оюндарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелери, оюн-зоок жайына кирүү эрежелери, Ставкаларды кабыл алуу жана утуштарды төлөө эрежелери жайгаштырылууга тийиш.
9. Кумар оюндарын уюштуруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- оюнчулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында оюнга катышууга тыюу салынган адамдарды кумар оюндарына киргизбөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Жобонун талаптарына, ошондой эле Кумар оюндарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн ички бекитилген эрежелерине ылайык кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө;
- оюн-зоок жайында көрүнүктүү жерге Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин илип коюуга;
- ар бир оюнчуну жекече идентификациялык маалыматтары боюнча каттоону камсыз кылууга, берилген утуштарды каттоону жүргүзүүгө, оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын онлайн жеткиликтүүлүгү менен электрондук базаны түзүүгө;
- бардык оюнчулар үчүн кумар оюндарына катышуунун бирдей шарттарынын сакталышын камсыз кылууга жана кумар оюндарынын натыйжасына сырттан жасалма таасир этүүнү болтурбоого;
- оюнчунун талабы боюнча алуучунун жана жөнөтүүчүнүн реквизиттерин көрсөтүү менен төлөм документинин көчүрмөсүн тиркөө менен ага утушту алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымкатты берүүгө;
- оюнчулардын дооматтарына байланыштуу чечимдерди Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелеринде каралган мөөнөттөрдө кабыл алууга;
- оюнчулар утуп алган же уттурган суммалар жөнүндө маалыматтарды жашыруун сактоого жана бул маалыматты оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө;
- оюн жабдууларынын тиешелүү иштөөсүнүн ченемдерин жана параметрлерин кармап туруу үчүн күтүүгө жана сакталышын камсыз кылууга;
- алкоголдун, баңги, психотроптук же башка күчтүү таасир этүүчү заттардын таасири астындагы адамдардын, коомдук тартипти бузууга ачык ниети бар адамдардын кумар оюндарына кирүүгө мүмкүндүктү чектөө үчүн зарыл болгон укук ченемдүү чараларды жана кумар оюндарын талаптагыдай өткөрүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган отчетторду жана маалыматтарды өз убагында берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктык жана башка жыйымдарды (төлөмдөрдү) өз убагында төлөөгө;
- утуп алган оюнчуга утушту берүүдө Кумар оюнун уюштуруу жана өткөрүү эрежелеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн шарттардан тышкары кошумча шарттарды коюуга жол бербөөгө;
- ушул Жобо жана башка ченемдик актылар менен өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарууга;
- ишин токтоткондон/кайра жаңылоодон кийин оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишин токтоткондугу/кайра жаңылоо жөнүндө өз убагында кабарлоого;
- оюн-зоок жайынын аймагын кайтаруу жана өрт сигнализациясы системалары менен коргоону камсыз кылууга, санитардык жана өрткө каршы ченемдердин, коомдук тартиптин сакталышын, ошондой эле оюнчулардын коопсуздугун камсыз кылууга;
- оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу шарттарынын аткарылышын текшерүүдө жана/же мониторинг жүргүзүүдө оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүчү адамына анын иши үчүн шарттарды түзүүгө жана оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча керектүү документтерди жана маалыматтарды мындай талапта белгиленген мөөнөттөрдө тез арада берүүгө;
- кумар оюндарын башкаруу, уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын жабдылган имаратты жана курулмаларды, жайларды электр энергиясынын туруктуу булагы менен камсыз кылууга;
- электрондук-маалыматтык системаларды жана маалыматтар базасына коргоону жана сактоону камсыз кылууга.
10. Кумар оюндарын уюштуруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан оюн-зоок ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты алууга;
- өз кызыкчылыгын жеке өзү же өкүл аркылуу коргоого;
- оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине ылайык түзүлүүчү жана иштөөчү Сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссияга мамлекеттик органдардын жана/же алардын кызмат адамдарынын аракеттерине белгиленген тартипте кайрылууга.
11. Кумар оюндарынын катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекет жана кумар оюндарды уюштуруучу тарабынан өзүнүн укуктарынын корголушуна;
- ал катышкан кумар оюндарынын эрежелери жөнүндө толук, так жана анык маалыматты алууга;
- бардык оюнчулар үчүн оюндун бирдей шарттарын камсыз кылууга;
- утуштарды алууга.
12. Оюн-зоок жайларынын. кумар оюндарынын оюнчулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле кумар оюндарын уюштуруучунун Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелеринде каралган талаптарды жана милдеттенмелерди сактоого;
- кумар оюнуна катышканга чейин Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелери менен таанышууга;
- талап боюнча кумар оюндарын уюштуруучунун кызматкерине таанышуу үчүн ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүгө;
- кумар оюндарын уюштуруучунун кызматкеринин талабы боюнча ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүдөн баш тарткан, коомдук тартиптин эрежелерин бузган, оюн-зоок жайында жүргөн адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө кол салуу максатында күч колдонуу же коркутуу учурунда оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүгө;
- курал-жаракты сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар экендигине карабастан, аны, ок-дарыларды, ууландыруучу жана жарылууга кооптуу заттарды өзү менен алып жүрбөөгө;
- кумар оюндарын өткөрүүдө кумар оюндарын уюштуруучунун маалыматтык жана/же адистештирилген системасына (интернетке Wi-Fi кирүүгө мүмкүндүктөн тышкары) санкциясыз кирүүгө мүмкүндүк алуу үчүн оюндун кокусунан болуучу натыйжасына таасир этүүчү же аны алдын ала көрүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоону жана (же) техникалык түзүлүштөрдү пайдаланбоого;
- кумар оюндарын өткөрүү боюнча мыйзамдуу ишке тоскоолдук кылбоого;
- кумар оюндарын өткөрүү эрежелерин бузбоого.
13. Кумар оюнун уюштуруучу оюн-зоок жайынын Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин бекитүүгө тийиш.
Казинолордо, оюн автоматтарында, букмекердик кеңселерде же тотализаторлордо кумар оюндарынын, ставкаларды кабыл алуунун жана өткөрүлүп жаткан кумар оюндарынын эрежелери оюн-зоок ишин уюштуруучу тарабынан оюн-зоок жайындагы көрүнүктүү жерге, ошондой эле интернет-ресурста жайгаштырылат жана төмөнкү негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
- жайгашкан жерин, каттоо документтери, банктык реквизиттери, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, интернет-ресурсу, байланыш маалыматтары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен оюн-зоок ишин уюштуруучунун аталышын;
- оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиялар жөнүндө маалыматтарды;
- өткөрүлүүчү кумар оюндарынын түрлөрүн, кумар оюндарын өткөрүү эрежелерин, кумар оюндарына катышуу шарттарын;
- кумар оюндарын уюштуруучунун жана кумар оюндарынын катышуучусунун укуктарын жана милдеттерин;
- кумар оюндарынын катышуучуларынын арыздарын, даттанууларын кароо жана талаш-тартыштарды чечүү тартибин;
- кумар оюндарын уюштурууга байланышкан жана оюн-зоок иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген башка маалыматтарды.
14. Кумар оюнун уюштуруучу потенциалдуу жоготуулардын ордун толтурууну, оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоону камсыз кылуу үчүн милдеттүү резервдик фондду түзүүгө тийиш. Оюн-зоок ишинин бир нече түрүн айкалыштырганда оюн-зоок ишинин субъекти оюн-зоок ишинин ар бир түрү үчүн "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өлчөмдөрдө милдеттүү резервдик фонддорду түзүүгө милдеттүү.
15. Кумар оюндарынын катышуучусуна утушту төлөө үчүн кумар оюнун уюштуруучунун кассасында же эсептеринде акча жетишсиз болгон учурда, кумар оюнун уюштуруучу милдеттүү резервдик фонддун каражаттарын пайдаланууга милдеттүү.
16. Милдеттүү резервдик фонддон каражаттар кумар оюндарынын катышуучуларына утушту төлөө боюнча кумар оюндарын уюштуруучунун милдеттенмелерин аткаруу максатында гана жана кумар оюндарын уюштуруучунун эсептеринде жана кассасында акча жетишсиз болгон шартта гана пайдаланылышы мүмкүн.
17. Кардарлар менен акчалай эсептешүүнү жүзөгө ашыруучу оюн-зоок жайынын кассасы өзүнчө жайда жайгашууга жана төмөнкү каражаттар менен жабдылууга тийиш: видеобайкоо жана фотосүрөткө тартуу системасы, брондолгон терезе, тиешелүү күзөт кызматы менен байланыштыруучу кооптуулук сигналы жана Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды канааттандырышы керек.
Казинонун кассасында оюнчуларга мүмкүн болгон утуштарды төлөө үчүн жетиштүү болгон, ушул Жобого ылайык белгиленген утуштарды камсыз кылуу суммасы сакталышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Оюндарды онлайн режиминде өткөргөн кумар оюндарын уюштуруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- корголгон кошулуулар аркылуу реалдуу убакыт режиминде туруктуу кошулууну камсыз кылууга;
- коопсуздук функцияларын аткаруунун үзгүлтүксүз ишин, купуялуулукту камсыз кылууга;
- банктык карталар аркылуу накталай эмес акча каражаттарын кабыл алуу үчүн аппараттарды (POS-терминалдарды) орнотууга;
- эсептерди ачуу же банктык карталар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу жолу менен накталай эмес түрдө оюн-зоок керек-жарактарын сатып алуу үчүн акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырууга.
181. Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино чөйрөсүндө эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кумар оюндарын уюштуруучунун Онлайн-системасы кардарды идентификациялоону, ставканы кабыл алуу, утушту (байгени) төлөө (берүү) боюнча ар бир операцияны белгилөөнү, төлөөлөрдү жүзөгө ашырууну жана кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан башка операцияларды, маалыматтарды жоготуудан, бурмалоодон, жасалмалоодон, жок кылуудан, көчүрүүдөн, санкцияланбаган кирүүдөн жана ар кандай башка (санкцияланбаган) кийлигишүүдөн коргоону камсыз кылууга тийиш.
20. Кумар оюндарын уюштуруучу өз ишин Интернет тармагында веб-сайт аркылуу, ар кандай операциялык системаларда мобилдик колдонмолор аркылуу жүргүзө алат. Сунушталган маалыматта кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү чөйрөсүндө иш жүргүзүлө турган веб-сайттын дареги көрсөтүлөт.
Интернет тармагындагы кумар оюндарын уюштуруучу веб-сайтта Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген анык маалыматтардын, документтердин жана эрежелердин болушун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Оюнчу кумар оюндарын уюштуруучунун онлайн-системасында оюнчунун кардардык эсебин (жеке кабинетин) өз алдынча түзөт. Ставкаларды төлөө, интернет аркылуу кумар оюндарына катышуу үчүн оюнчулар тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу, утуштарды төлөп берүү Интернет тармагындагы кумар оюндарын уюштуруучунун онлайн-системасы аркылуу накталай эмес түрдө жүзөгө ашырылат.
Акчаны кабыл алуу жана утуштарды төлөө оюн-зоок ишинин субъектинин Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы кассасы же эсептешүү эсеби аркылуу гана жүргүзүлөт, онлайн-казино жана/же электрондук (виртуалдык) казино катары ишти жүзөгө ашырган оюн-зоок ишинин субъекттеринен башкасы, алар ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык эсептешүү операцияларын жүргүзүшөт.
Оюнчулардын эсептерин толтуруу жана утуштарды алуу үчүн идентификацияланбаган электрондук капчыктарды жана төлөм терминалдарын оюн-зоок ишинин субъекттеринин жана алардын кардарларынын пайдалануусуна тыюу салынат.
21. Оюн-зоок жайы коноктор үчүн өзүнчө жана кызматкерлер үчүн көчөдөн түздөн-түз кирүү үчүн атайын уюштурулган өзүнчө кире бериштери бар имаратта жайгаштырылышы керек. Оюн-зоок жайынын кызматкерлери (менеджерлер, крупье, стол инспекторлору, кассирлер, официанттар) кызматтык убакта оюн-зоок жайынын ички регламентинде белгиленген форма кийимдерин гана кийиши, ошондой эле ар бир кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн бейджди тагынышы керек.
22. Кумар оюндарын уюштуруучу кумар оюндарынын катышуучуларынын, оюн-зоок жайына башка келгендердин, кумар оюндарын уюштуруучунун кызматкерлеринин оюн-зоок жайында болгон убагында алардын жеке коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
23. Тиешелүү лицензия албастан, Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн-зоок жайынан тышкары компьютердик клубдарда жана залдарда кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)