Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 токтомуна) | |
|
|
|
|
Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугун баалоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине ылайык иштелип чыккан жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (мындан ары - БКБТ) бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо процессин регламенттейт.
2. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо (мындан ары - программаларды баалоо) төмөнкүлөрдү талдоо жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) бюджеттик программалардын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын/программалык документтердин артыкчылыктарына шайкеш келишин;
2) бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулугунун сапаттык жана сандык индикаторлорун, аларга БКБТ алар аткарылганда жетишет;
3) өткөн/отчеттук мезгилдеги бюджеттик программаларды/чараларды аткаруунун иш жүзүндөгү натыйжаларын.
3. Программаларды баалоонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
2) бюджеттик программалардын натыйжалуулугун аныктоо жана аларды жогорулатуу жолдорун аныктоо;
3) Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын/программалык документтердин максаттарына жана милдеттерине жетүүнүн алкагында бюджеттик программалардын натыйжалуулугун аныктоо;
4) программалык негизде бюджетти пландаштыруу жана аткаруу сапатын жогорулатуу;
5) бюджеттик программаларды ишке ашыруунун ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздоо.