Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 токтомуна) |
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 49-беренесинин жоболоруна ылайык мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону колдонуу тартибин жана шарттарын белгилейт, анын ичинде ыйгарым укуктуу банктарга карата талаптарды камтыйт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр жана кыскартуулар төмөнкүлөрдү билдирет:
1) банктык коштоо жөнүндө келишим - сатып алуучу уюм менен ыйгарым укуктуу банктын ортосунда түзүлгөн контрактты банктык коштоо кызматын көрсөтүү келишими;
2) сатып алуучу уюм - сатып алуучу уюм, агент (эгерде агент коштоочу контракт түзсө);
3) коштоочу контракт - мамлекеттик сатып алуунун жыйынтыгы боюнча сатып алуучу уюм менен берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн, контрактты банктык коштоо жөнүндө шартты камтыган жана банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу банкка берилген мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракт (мындан ары - контракт);
4) өзүнчө эсеп - ыйгарым укуктуу банкта берүүчүгө, коштоочу контрактты аткаруу үчүн тартылган адамдарга (мындан ары - кошо аткаруучулар) ачылган банктык (атайын) эсеп, алар коштоочу контрактты аткаруу үчүн берүүчүгө зарыл болгон кошо аткаруучунун же кошо аткаруучулардын ортосунда түзүлгөн коштоочу контрактты, келишимдерди аткаруунун алкагында эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өзүнчө эсеп ачууга милдеттүү;
5) "Контрактты банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервиси - контрактты банктык коштоонун статистикасын чагылдыруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу банк жеткиликтүү кылган отчетторду түзүү үчүн арналган контрактты банктык коштоонун санариптик сервиси.
Ушул Тартипте пайдаланылган башка түшүнүктөр Мыйзамда аныкталган маанилерде колдонулат.
2-глава. Контрактты банктык коштоону колдонуу шарттары
3. Контрактты банктык коштоо сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн шарттардын негизинде түзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү төмөнкү контракттарга карата жүзөгө ашырылат:
1) контракттын суммасына карабастан, мамлекеттик же муниципалдык керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн контракт, анын сатып алуу предмети имаратты, курулманы же объектти, анын ичинде автомобиль жолдорун, жол курулуштарын, инженердик системаларды, тармактарды жана коммуникацияларды, капиталдык жана жарандык курулуштун башка объекттерин курууга, реконструкциялоого, капиталдык оңдоого, бузууга байланышкан иштерди аткаруу болуп саналат;