Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү жөнгө салат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - компенсациялык жана дем берүүчү төлөмдөрдү эсепке албастан календардык ай үчүн белгилүү бир татаалдыктагы кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн кызматкерлердин эмгек акысынын белгиленген өлчөмү;
эмгек акы - бул кызматкердин квалификациясына, аткарылуучу иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына, түнкү убактагы, дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү иштегендигине жараша эмгек үчүн сый акы, ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөктөр жана кошумча акылар түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр базалык маянага карата абсолюттук чоңдуктарда же пайыздар менен белгиленет;
компенсациялык төлөмдөр - бул кызматкерлерге эмгек же мыйзамдарда каралган башка милдеттерди аткарууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу максатында белгиленген, кесиптерди айкалыштыруу, жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштегендиги, өзгөчө шарттарда, бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги, көчмө мүнөздөгү иши үчүн акчалай төлөмдөр;
дем берүүчү төлөмдөр - бул кызматкерди кыйла жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетүүгө, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берүүгө багытталган, ошондой эле "Эмгек сиңирген" же "Эл" ардактуу наамы, ар кандай квалификациядагы иштерди аткаруусу үчүн сый акылар жана төлөмдөр;
иштеген жылдары - бул кызматкер телерадиоберүү системасында кесиптик ишин аткарган убакыт мезгили;
типтүү штаттар - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектүү ченеми.
3. Минималдык базалык ставканын жана кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленет.
4. Кызматкерлердин эмгек акысы жумуш убактысынын ченемдерин аткарууну эсепке алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу менен базалык маяналарга жараша аныкталат. Бийик тоолуу жана алыс жерлерде иштөө үчүн, ченемге салынбаган эмгек шарттары үчүн райондук коэффициенттерди колдонуу өлчөмдөрү жана тартиби, ошондой эле ушул Жободо көрсөтүлбөгөн кызматкерлерге башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын эмгек акы жаатындагы мыйзамдарга ылайык белгиленет.
Эмгек акы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кепилденген бөлүгүн:
кызматтык маяна;
иштеген жылдары;