Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 540 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы N 46 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борборунун (мындан ары - Окуу борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, финансылык-кредиттик мекемелерде улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде толук аталышы менен мөөрү, штампы жана расмий бланктары бар.
3. Окуу борборунун мүлкү (кыймылдуу жана кыймылсыз) ага оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүлүп берилген мамлекеттик менчик болуп саналат.
4. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
5. Окуу борбору өз ишин өзүн-өзү каржылоо шарттарында жана Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте берилген тиешелүү лицензиянын негизинде жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы N 46 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Окуу борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
7. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенет.
8. Окуу борборунун уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме, ал оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн. Окуу борбору өзүнө бекитилип берилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугун жүзөгө ашырат.
Окуу борборунун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору";
- расмий тилде: "Учебный центр Государственного агентства по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Окуу борборунун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Окуу борбору";
- расмий тилде: "Учебный центр".
Окуу борборунун юридикалык дареги: 720071, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265-а.
2. Окуу борборунун максаттары жана милдеттери
9. Окуу борборунун ишинин негизги максаты жеке маалыматтардын субъекттерине кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу ишин, ошондой эле илимий ишти жүргүзүү болуп эсептелет.
10. Окуу борборунун негизги милдеттери болуп жарандарды, мамлекеттик башкаруу секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана жеке жазмаларынын ээлеринин кызматкерлерин жеке маалыматтарды коргоо, жеке маалыматтар менен иштөө, маалыматтык коопсуздук, санариптик гигиена, санариптик көндүмдөр маселелери боюнча окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле санариптик мыйзамдарды жана жеке мүнөздөгү маалыматтар жаатында мыйзамдарды калыптандырууга илимий ыкмаларды иштеп чыгуу саналат.
Окуу борбору ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо жана купуялуулук маселелери боюнча эл аралык бир топ ийгиликтүү практиканы киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы N 46 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Окуу борборунун негизги функциялары
11. Аталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Окуу борбору төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жарандарды, мамлекеттик башкаруу секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана жеке жазмаларынын ээлеринин кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;
2) жеке маалыматтарды коргоо, жеке маалыматтар менен иштөө, киберкоопсуздук, санариптик гигиена, санариптик көндүмдөр маселелери боюнча окуу колдонмолорун, маалымдама адабияттарын, брошюраларды иштеп чыгуу;
3) окутуунун натыйжалуу системасын түзүү;
4) окуу процессине инновациялык технологияларды киргизүү;
5) семинар-кеңешмелерди, тренингдерди, конференцияларды өткөрүү;
6) жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө түшүндүрүү-консультациялык иштерди жүргүзүү;
7) чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, юридикалык жана жеке жактар менен окуу, илимий иш, келишимдик негизде окутуу курамынын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча түз байланыштарды жүзөгө ашыруу;
8) Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы N 46 токтомунун редакциясына ылайык)