Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 6 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 606 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана
пайдалануу тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
2. Санариптик казыналык милдеттенмелер - бул казыналык системанын атайын программалык платформасында катталган, анын ээсине кредитордук карыздарды, анын ичинде салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрдү тындыруу үчүн пайдаланууга укук берген документсиз мамлекеттик баалуу кагаз.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санариптик казыналык милдеттенмелердин эмитенти болуп саналат.
4. Санариптик казыналык милдеттенмелер өз ара эсептешүүлөр үчүн накталай эмес төлөм каражаты катары казыналык системанын атайын программалык платформасында катталган катышуучулардын ортосунда гана колдонулат.
5. Бюджеттик чыгымдарды төлөө боюнча операцияларды жасоо үчүн санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу мөөнөтү - бир жыл.
6. Санариптик казыналык милдеттенмелер түрүндө тындырылууга тийиш болгон чыгымдардын суммасынын минималдуу босогосу 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленет.
2-глава. Аныктамалар жана терминдер
7. Бул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат:
1) санариптик бюджеттик милдеттенменин ээси - санариптик баалуу кагазга ээ болгон, казыналык системанын атайын программалык платформасында катышуучу катары катталган мамлекеттик орган же юридикалык жак;