Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин
реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243, 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин (мындан ары - Реестр) түзүүнүн, ишинин жана жүргүзүү тартибинин укуктук негиздерин жөнгө салат.
2. Реестрди жүргүзүү тартиби
3. Реестр Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (мындан ары - реестр кармоочу) тарабынан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери берген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
Реестрди жүргүзүү боюнча саясатты түзүү Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243, 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Ишкердик субъекттерин Реестрге киргизүү жана Реестрден чыгаруу Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Жогоруда аталган туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана Регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
6. Ишкердик субъекттери деп кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан ишти кошпогондо, ишкердик ишти жүргүзгөн, алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык менчик формаларындагы юридикалык жактары жана жеке ишкерлери таанылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Реестр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук түрдө жүргүзүлөт, мында ишкердин Реестрде болуу мөөнөтү киргизилген датадан тартып үч жылды түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Реестр реестр кармоочунун жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ачык колдонуу мүмкүндүгү менен жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу ишкерлер жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243, 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомдорунун редакцияларына ылайык)