Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 токтомуна) |
Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (мындан ары - жергиликтүү маанидеги ӨКЖА) түзүү жана алардын иштөө маселелерин жөнгө салат.
2. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖА төмөнкүдөй максаттарда түзүлөт:
- биологиялык түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү;
- ресурстарды жана генофондду сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу;
- экосистемалардагы бузулууларды компенсациялоо;
- биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону колдоо;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу;
- жергиликтүү коомчулукту экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо;
- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишине жарандарды жана жергиликтүү коомчулукту тартуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Микрокоруктар жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде алардын жеринде микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана иштетүү пландалган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБ) чечимдерине ылайык түзүлөт.
Мамлекеттик менчикте турган жерлер пландалган микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймагына кирген учурда көрсөтүлгөн жерлер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүгө макулдук берүү жөнүндө чечимин алуу талап кылынат.
Микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨОСАны түзүү жөнүндө чечим ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органынын (мындан ары - жергиликтүү кеңеш) сессиясында кабыл алынат. Бул чечим менен ошондой эле микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобо бекитилет.
Жергиликтүү кеңештин аталган чечиминде аныкталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана түзүлгөн микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу жана уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аймагындагы экосистемаларды (алардын участокторун) сактоо үчүн мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде пландалган микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймагы бир нече айыл аймагынын жана/же шаардын муниципалдык менчигинде турган аймактарды (жер участокторун) камтыса, анда мындай микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештердин сессияларында кабыл алынат. Бул чечимдер менен ошондой эле микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобо да бекитилет.
Жергиликтүү кеңештердин бул чечимдеринде аныкталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана түзүлгөн микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу муниципалдык түзүлүштөр ортосундагы кызматташуунун негизинде тиешелүү аймактагы экосистемаларды (алардын участокторун) сактоо үчүн мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошол эле учурда микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖА аймагы боюнча райондор аралык жана/же облустар аралык боло албайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА түзүү айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ органдарынын (жергиликтүү коомчулук), юридикалык жактардын (илимий, коомдук жана экологиялык уюмдар) (мындан ары - кызыкдар жак) демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Микрокоруктардын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштеши ишкердик (коммерциялык) иш болуп саналбайт жана өзүнүн негизги максаты катары киреше алууну көздөбөйт.
7. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖА 20 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Конкреттүү микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ал кийинки мезгилге узартылышы мүмкүн. Микрокоруктун же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөө мөөнөтүн узартуу адистештирилген илимий мекеменин (уюмдун) корутундусунун негизинде тиешелүү жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)