Загрузка документа…
|
| |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 616 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китебин жүргүзүү тартибин аныктайт. 2. Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби (мындан ары - Мамлекеттик китеп) расмий мамлекеттик документ болуп саналат. 3. Мамлекеттик китепте казыналык милдеттенмелердин ээсинин акчалай талабы катталат. 2. Мамлекеттик китепти жүргүзүү 4. Мамлекеттик китепти сактоо жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/ыйгарым укуктуу орган) тарабынан кагаз жүзүндө жүргүзүлөт. 5. Казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылышында Мамлекеттик китептин жаңы барагы ачылат. 6. Мамлекеттик китептин ар бир барагына Кыргыз Республикасынын финансы министри кол коёт. 7. Ар бир акчалай талап өзүнчө баракка жазылат, анда кармоочунун аты же аталышы, талаптын суммасы, купондук төлөмдөрдүн жана милдеттенмелерди төлөөнүн күнү жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Жазуу казыналык милдеттенмени кармоочунун колу жана гербдүү мөөрү менен бекемделиши керек. 8. Ар бир жазууга милдеттенменин номеринен жана милдеттенменин чыгаруу сериясынын номеринен турган уникалдуу номер берилет. 9. Мамлекеттик китепке жазуулар баалуу кагаздарды кармоочунун ким экендигин ырастаган документтерди көрсөтүү менен киргизилет. 10. Мамлекеттик китептеги жазууларга банк мекемелериндеги салымдарга эквиваленттүү болгон салым сыры жайылтылат. | |