Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 18 токтомуна) |
2030-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 500 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо системасы өнүгүү процессинде турат.
2017-жылы кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндө укуктук жана институттук негиздерге реформа жүргүзүлгөн. Реформа төмөнкүлөргө багытталган:
1) күрөөлүк камсыздоо менен кредит берүүнү жана карыздарды кайра түзүмдөштүрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;
2) онлайн режиминде күрөөлүк камсыздоону каттоонун интерактивдүү системасын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө;
3) мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдуулукту жана каттоонун интерактивдүү системасын пайдалануу боюнча мамлекеттик кызматчылардын жана кызыкдар жактардын потенциалын жогорулатууга.
Реформанын алкагында төмөнкүдөй натыйжалар жетишилген:
- кыймылдуу мүлккө талап укуктарын электрондук түрдө ыктыярдуу каттоону киргизүү менен кыймылдуу мүлккө күрөө жөнүндө келишимди милдеттүү мамлекеттик каттоо жокко чыгарылган;
- мүлккө башка катталбаган талап укуктарынын алдында бул кыймылдуу мүлккө катталган талап укугунун артыкчылык институту киргизилген;
- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КМТУБМР) түзүлгөн;
- кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо жол-жобосу жөнөкөйлөтүлгөн;
- финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - ФКУ) жана башка жактарга КМТУБМРде кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өз алдынча каттоого, күрөөгө коюлган мүлк тууралуу маалыматты издөөгө мүмкүнчүлүк берилген.
Ошону менен бирге, реформа жүргүзүлгөндөн кийин кыймылдуу мүлккө катталган талап укуктарынын саны олуттуу кыскаргандыгын белгилей кетүү зарыл. Катталган талап укуктарынын мурдагы саны жыл сайын көбөйгөн жана 2014-жылы каттоонун милдеттүүлүгүнүн натыйжасынан улам 56 миңге жеткен. Ушул көрсөткүч кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу менен кредит берүүнүн реалдуу абалын жана өнүгүү тенденциясын чагылдырат. Милдеттүү каттоо жокко чыгарылгандан кийин ушул көрсөткүч жылына 3000 катталган талап укуктарына чейин төмөндөгөн.
2-глава. Негизги проблемалар
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, каттоо жол-жоболорун, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн сунуштарын талдоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын системасын андан ары өнүктүрүүгө тоскоол болгон бир катар негизги проблемалар аныкталган: