Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 604 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2023-жылдын 9-февралы № 53
Кыргыз Республикасында дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү жана сатылуучу дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын этап-этабы менен киргизүү башталсын.
2. Дары каражаттарына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментине (мындан ары – Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти) дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жана жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлсүн.
4. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти ушул токтом күчүнө кирген учурга чейин:
1) төмөнкүлөрдү бекитсин:
– дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүүнүн этап-этаптуу планын;
– байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон дары каражаттарынын тизмегин;
– дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан “Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасы” маалыматтык системасын (мындан ары – ЭМБ МС) колдонуу боюнча методикалык сунуштамаларды;
2) тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин: