Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 6-апрели № 191

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстан жана Азербайжан достугу сейил багы" мамлекеттик ишканасы жөнүндө

Кыргызстан жана Азербайжан достугу сейил багын натыйжалуу башкаруу, ошондой эле аймагын абаттоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстан жана Азербайжан достук сейил багы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - мамлекеттик ишкана) түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:

- мамлекеттик ишкананын Уставын бекитсин;

- мамлекеттик ишкананы юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров