Загрузка документа…
| 2-тиркеме
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) окутуу тартибин жөнгө салат жана мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
Ушул Жобо саясий мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга да жайылтылат.
2. Кызматчыларды окутуу - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматчынын кесиптик өнүгүүсү үчүн билимге, жөндөмгө, көндүмгө ээ болуунун максаттуу, системалуу жана план ченемдүү уюштурулган процесси.
3. Кызматчыларды окутуу эки түрдө ишке ашырылат - кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу.
Кызматчыларды кайра даярдоо - кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча билимге, ыктарга жана көндүмдөргө ээ болуу, айрым сабактарды окуу, өзгөрүлүп жаткан экономикалык жана социалдык шарттарга кызматчылардын адаптацияланышын камсыз кылуу үчүн алардын квалификациясын кеңейтүү максатында ишке ашырылуучу окутуу.
Кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу - кызматчылардын өз кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруусу, кошумча кесиптик билим берүү программаларын, анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен өздөштүрүүсү үчүн алардын иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимдерин, ыктарын жана көндүмдөрүн жаңыртуу максатында ишке ашырылуучу окутуу.
Окутуунун топтоо системасы кошумча кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү мекемелеринде ишке ашырылуучу окуу программаларына ылайык адистин окуу программаларын өздөштүрүүсүнүн натыйжаларын суммалоону билдирет жана белгиленген үлгүдөгү документтерди берүү менен ырасталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызматчыларды кайра даярдоо кызматчынын кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөргөндө жүзөгө ашырылат.
5. Кызматчынын квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
6. Окутуу эки багытты камтыйт - жалпы жана ведомстволук.
Жалпы багыт - бул иш чөйрөсүнө карабастан мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү кызмат ордуна же кызмат орундарынын тобуна карата жалпы типтүү квалификациялык талаптарды кызматчылардын аткаруусу үчүн үзгүлтүксүз системалуу негизде окутуу.
Жалпы багыт мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказ (мындан ары - Мамзаказ) аркылуу мамлекеттик окутуу программалары боюнча жүзөгө ашырылат (ишке ашырылат).
Ведомстволук (тармактык) багыт - бул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөлөрүнүн негизинде кызматчылар тарабынан атайын ведомстволук квалификациялык талаптарды аткаруу үчүн окутуу.
Ведомстволук (тармактык) багыт мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутууга ведомстволук заказ (мындан ары - ведомстволук заказ) аркылуу окутуунун ведомстволук программалары же ведомстволук заказды аткаруучу билим берүү уюмдарынын окутуу программалары боюнча ишке ашырылат (ишке ашырылат).
7. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу бөлүгүндө:
- кызматчыларды окутуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгат жана макулдашат;
- кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказды түзүү жана жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдайт;
- кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказды ишке ашырууну, окутуунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоону координациялайт;
- кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту түзөт;
- кызматчыларды аралыктан окутуу түрүн ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- кызматчыларды окутуу маселелери боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлдеги ар кандай уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- ведомстволук веб-сайтты жана басылманы колдоонун эсебинен мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын окутуу боюнча кадр маселелерин чечүүдө маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
- кызматчыларды окутуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жарандарга консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтөт;
- мыйзамдарды сактоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларды окутуу бөлүгүндөгү ишине мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик, муниципалдык кызматтын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн окутуу бөлүгүндө мониторинг, талдоо жана баалоо жүргүзөт;
- кызматчылардын жана кадрлар резервинде турган адамдардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо маселелерин координациялайт;
- кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялайт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматчыларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну комплекстүү өткөрүүнү уюштурууга;
- берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан алардын карамагындагы маалыматтарды суроого жана алууга;
- башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
8. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларды окутуу бөлүгүндөгү ишин илимий-талдоо жагынан камсыз кылууну камсыздайт.
9. Окутууну каржылоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- жалпы багыт боюнча - мамлекеттик заказды бекитүүдө каралган өлчөмдө Академиянын бюджетине өзүнчө сап менен киргизүү аркылуу мамлекеттик заказды аткаруунун алкагында;
- ведомстволук багыт боюнча - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын кеминде бир пайызынын эсебинде мамлекеттик органдын бюджетине же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине өзүнчө сап менен киргизүү аркылуу ведомстволук заказды аткаруунун алкагында.
10. Мамлекеттик заказды, ведомстволук заказды ишке ашыруу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттар окутууну каржылоонун кошумча булактары болушу мүмкүн.