Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык) |
Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 680, 2025-жылдын 3-мартындагы № 104 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыккан жана республикалык бюджетти түзүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү процессинин бирдиктүү эрежелерин аныктайт.
2. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзгөчө укугу болуп саналат.
3. Республикалык бюджеттин долбоорун түздөн-түз түзүүнү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүзөгө ашырат.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
1) автоматташтырылган система - казыналык системада кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүү боюнча маалыматтарды генерациялоону, иштеп чыгууну, берүүнү, кабыл алууну, сактоону камсыз кылуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын комплекси;
2) БКБТ - бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү;
3) контролдук цифралар - бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчү, анын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгашалары түзүлөт;
4) БКА - бюджеттик каражаттарды алуучу;
5) БКТ - бюджеттик каражаттарды тескөөчү;
6) бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын сметасы (мындан ары - бюджеттик каражаттар боюнча смета) - бюджеттик эсептердеги каражаттар боюнча БКБТ/БКТ/БКА иштешине жана жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга алардын чыгашаларын аныктоочу документ;
7) атайын эсептердеги каражаттарды эсепке алуу боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасы (мындан ары - атайын эсептердеги каражаттар боюнча смета) - атайын эсептердеги каражаттар боюнча БКБТ/БКТ/БКА иштешине жана жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга алардын чыгашаларын аныктоочу документ;
8) квалификациялуу электрондук кол тамга (ЭСК) - электрондук кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификациялуу электрондук кол тамганын талаптарына ылайык келген электрондук кол тамга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 680 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Бюджеттик процесстин негиздери