Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 263 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы N 94 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Сатып алуулар борбору) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин (мындан ары - Департамент) борборлоштурулган сатып алуулар чөйрөсүндөгү органдын функцияларын ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Сатып алуулар борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Сатып алуулар борбору өз ишин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
4. Сатып алуулар борбору мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле казыналык системада алыш-бериш жана башка эсептери бар.
5. Сатып алуулар борборунун кызматкерлеринин штатын күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
6. Сатып алуулар борборунун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр закупок" при Департаменте государственных закупок при Министерстве финансов Кыргызской Республики".
7. Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Сатып алуулар борбору";
- расмий тилде: "Центр закупок".
2. Максаты жана милдеттери
8. Сатып алуулар борборунун ишинин максаты сатып алуучу уюмдардын керектөөлөрүн натыйжалуу жана үнөмдүү канааттандыруу үчүн борборлоштурулган сатып алууларды ишке ашыруу болуп саналат.
9. Сатып алуулар борборунун негизги милдети борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү болуп саналат.