Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-августундагы № 536
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 токтому менен бекитилди) |
Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук
бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана
берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартиби (мындан ары - Тартип) аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары боюнча отчетторду, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындыгы жөнүндө отчетторду (мындан ары - отчеттор) түзүү жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү талаптарын белгилейт.
2. Отчеттор календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки отчеттук мезгил үчүн түзүлөт жана отчеттук мезгил аяктагандан кийин 30-июндан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Биринчи жолу түзүлгөн аудитордук уюм, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм жана кесиптик аудитордук бирикме үчүн отчеттук мезгил болуп бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоого турган күндөн тартып 31-декабрга чейинки мезгил эсептелет.
4. Отчеттогу акчалай көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында - сом менен көрсөтүлөт.
5. Отчеттор кагаз же электрондук форматтарда берилет.
6. Маалыматтарды киргизүү үчүн отчеттун бланкынын таблицаларында көрсөтүлгөн саптар жетишсиз болгон учурда таблицаларга зарыл сандагы саптарды өз алдынча кошууга жол берилет.
7. Тигил же бул уячада көрсөтүү үчүн маалыматтар жок болгон учурда сызыкча коюлат.
8. Отчеттун ар бир барагынын жогорку бөлүгүндө аудитордук уюмдун, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин аталышы көрсөтүлөт, ал эми төмөнкү бөлүгүндө отчеттун формасына ылайык аудитордук уюмдун, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жетекчисинин жеке кол тамгасы коюлат жана отчетту толтуруу датасы көрсөтүлөт. Отчетту электрондук форматта берүүдө электрондук кол тамга колдонулат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчеттордо берилген жана аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга жеткиликтүү болуп саналган маалыматты ачыкка чыгарууга укуктуу.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетторду түшүндүрүү же тактоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудитордук уюмдан, коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдан жана кесиптик аудитордук бирикмеден суроого укуктуу.