Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси (мындан ары - Борбор) компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз баалоо, ошондой эле формалдуу эмес билим берүүнү таануу аркылуу Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук уюму болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат (мындан ары - Уюштуруучу).
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбор мекеменин укуктук формасында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм болуп саналат, юридикалык жактын статусуна ээ жана ишинин негизги максаты катары пайда алууну көздөбөйт.
5. Борбордун өз алдынча балансы жана оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери болот.
6. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.
7. Борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение "Центр независимой сертификации и валидации" при Министерстве просвещения Кыргызской Республики.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КСВБ";
- расмий тилде: "ЦНСВ".
8. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көч., 18.