Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 761 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 572 токтомуна) |
2024-жылга статистикалык программа
I. Киришүү
2024-жылга статистикалык программа (мындан ары - Программа) "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекетти жана коомду расмий статистикалык маалымат менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Программанын максаты улуттук статистика системасынын ишин пландаштыруу, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн ишин натыйжалуу координациялоо, респонденттерден жеке маалыматтарды чогултуу үчүн укуктук негизди камсыздоо жана мамлекеттик органдардан административдик маалыматтарды алууну жөнгө салуу болуп саналат.
Программада төмөнкүлөр камтылган:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлүүчү расмий статистикалык маалыматтын тизмеси;
- статистикалык иштин бекитилген формулярларынын негизинде Улутстатком тарабынан жүргүзүлүүчү статистикалык текшерүүлөр;
- статистикалык максаттарда колдонулуучу мамлекеттик органдардын административдик маалыматтарынын тизмеси;
- расмий статистика жаатындагы негизги иштеп чыгуулар;
- Улутстатком жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан иштелип чыккан Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн тизмеси;
- Улутстаткомдун уюштуруучулук иши жөнүндө маалымат.
Респонденттерден (жеке, юридикалык жактардан жана үй чарбаларынан) алынуучу маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу максатында, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр аны статистикалык максаттарда гана пайдаланышат жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
Программада төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
баяндама - Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык, демографиялык, экологиялык абалды мүнөздөөчү ыкчам расмий статистикалык маалыматты камтыган ар айлык маалыматтык-аналитикалык статистикалык басылма;