Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1998-жылдын 22-декабры № 154

Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө

Ушул Мыйзам камсыздандырылган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды жекече (индивидуалдык) эсепке алууну уюштуруунун укуктук негизин жана принциптерин белгилейт.

(КР 2004-жылдын 21-августундагы № 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I глава Жалпы жоболор

1-статья. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

(1-абзац КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(2-абзац КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Идентификациялык жеке номер - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.

Иш берүүчүлөр - эмгек келишими боюнча жалданма кызматкерлерди пайдаланган юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар жана алардын бөлүмдөрү; Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзгөн эл аралык уюмдар; дыйкан (фермер) чарбалар; жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар жана жеке ишкерлер.

Камсыздандыруу акыларын төлөөчүлөр - камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу акыларын өз алдынча төлөгөн иш берүүчүлөр ошондой эле жарандар анын ичинде жеке ишкерлер чет өлкөлүк жарандар жарандыгы жок адамдар (мындан ары - жарандар).

(6-абзац КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(7-абзац КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Жекече эсепке алуу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында камсыздандырылган ар бир адам жөнүндө маалыматтарды жекече эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү.

Жекече камсыздандыруу эсеби - камсыздандырылган адам жөнүндө камсыздандыруу органы тарабынан анын эмгектик жана башка ишинин бүткүл мезгилинде топтолгон жана пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча башка төлөмдөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылуучу камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган документ. Жекече камсыздандыруу эсебинин камсыздандырылган адамга берилген идентификациялык жеке номери болот кийин жана шарттуу жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат.

Камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү - бул жекече камсыздандыруу эсебинин бөлүгү, ага камсыздандырылган адамдын топтолуучу камсыздандыруу акылары, инвестициялык киреше эсепке алынат жана анын негизинде пенсиянын топтолуучу бөлүгү төлөнөт.

Камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгү - бул жекече камсыздандыруу эсебинин бөлүгү, ага эмгек акы же камсыздандыруу акысы түрүндө камсыздандырылган мезгил жөнүндө маалымат эсепке алынат, анын негизинде пенсиянын шарттуу бөлүгү эсептелет.