Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-февралы ПБ № 68
Б.Т.Абдылдаев жөнүндө
2000-жылдын 10-октябрындагы Евразиялык экономикалык шериктештикти түзүү жөнүндө Келишимге жана Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин 2003-жылдын 27-февралындагы № 176 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык шериктештигинин Туруктуу өкүлдөр комиссиясы жөнүндө жобого ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси Абдылдаев Бакытбек Табылдиевичке Евразия экономикалык шериктештигиндеги Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнүн милдеттерин аткаруу жүктөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги бул чечим тууралу Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |