Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2005-жылдын 13-августу № 149
Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө
(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 44, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2017-жылдын 4-майындагы № 74, 2020-жылдын 17-августундагы № 136, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
ВИЧ - адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу;
ВИЧ-инфекция - адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу козгоочу дарт;
СПИД - иммуножетишсиздигин жугузуунун синдрому - адамдын иммуножетишсиздигинин тутумунун адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу менен өтө терең жабырлануусун шарттаган ооруну козгоочу ВИЧ-инфекциянын акыркы баскычы;
ЛЖВС - ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар - оорунун ачык байкалбаган баскычында, ошондой эле адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу менен иммундук тутуму терең жабыркаган баскычында да адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдар;
ЛПВС - ВИЧ/СПИДден жабыркаган адамдар - алардын туугандарынын жана жакын адамдарынын ВИЧ/СПИДди жуктуруп алганына байланыштуу моралдык жана мүлк жагынан зыян тарткан адамдар;
ВИЧти медициналык текшерүү - тесттөөгө чейинки жана тесттөөдөн кийинки психосоциалдык кеңеш берүү менен коштолгон, адамды иммуножетишсиздигинин вирусун жуктуруп алуусун текшерүү;
ВИЧти купуя текшерүү - адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөтпөстөн жана текшерилип жаткан адамдын жеке маалыматтарын билдирбестен ВИЧти жуктуруп алууну өз ыктыяры менен медициналык текшерүү;