Редакцияот 16.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX- сессиясы

2023-жылдын 16-январы № 1

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасынан 290 га сугат айдоо жер тилкелерин эл аралык аэропорт куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 11-январындагы №01-15/09 сандуу “Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасынан 290 га сугат айдоо жер тилкелерин эл аралык аэропорт куруу үчүн макулдук чечимин чыгаруу ” жана Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 12-январындагы №01-15/12 сандуу “Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасына эл аралык аэропорт курулуп жаткан 290,91 га жердин ичинен, элдин 152,91га үлүш сугат айдоо тилкелерин мамлекетик фондунун жеринен которуу” боюнча кайрылууларын карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасындагы 290, га сугат айдоо жер тилкеси эл аралык аэропорт куруу үчүн ажыратылып берилсин жана ажыратылган жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.

 

2.  Элдердин 152,91га үлүштүк айдоо жерлери мамлекеттик фондунун жерине которууга макулдук берилсин.

 

3.  Багыш айыл аймагынын Ой-Талаа участкасындагы мамлекеттик менчикте турган №20а-контурундагы 4,87 га,№23-контурундагы 5,59 га,№14а-контурундагы 38,04га,№35-котурундагы 38,53га,№35а-контурундагы 85,0га №56-контурундагы 70,53га,№71-контурундагы 38,26га,№71а-контурундагы 1,0га,№11а-контурундагы 5,05га же 286,87 га айыл чарбасынын сугат айдоо жерлери,№69-контурундагы 0,18га,№58-контурундагы 0,70га,№11-контурундагы 0,18 га,№58-контурундагы 0,70га,№11-контурундагы 0,21га же 1,09га көп жылдык бак дарактар ээлеген жерлерин же жалпы 287,96 га айыл чарба жерлерине Эл аралык маанидеги аэропортун куруу үчүн Айыл чарба жерлери категориясынан,Өнөр жай,транспорт,байланыш,коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.

4.  Токтомдун аткарылышы жана мыйзамдуулугу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

6.  Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндѳн тартып күчүнө кирет.

 

Тѳрага

Ж.Сейдахматов