Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы

2023-жылдын 14-июлу № 44

Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургундарынын жана “Жумагул уулу Алымкул” орто мектебинин директору Ч.Сатаевдин жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин кезектүү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургундарынын жана “Жумагул уулу Алымкул” орто мектебинин директору Ч.Сатаевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2.Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин чатырын, капиталдык ремонттоо иштерин жүргүзүү үчүн мектептин вентиляциялык системасын, сырткы шыбагын жана тегерегин оңдоо иштери үчүн 14 836 677 ( он төрт млн. сегиз жүз отуз алты миң алты жүз жетимиш жети ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

 

3.Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Кулубаевага милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

С.Осмонов