Редакцияот 01.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ ОРО АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 1-июну № 02

Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жөнүндө

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы Оро айылдык аймагынын 2023-жылга иш планын жана бюджетинин долбоорун карап чыгып талкуулап, Оро айыл аймагындагы финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, инвестициялар боюнча

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

 

1.  Төмөндө көрсөтүлгөн акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын;

-“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоору боюнча алкактык макулдашуунун негизинде берилүүчү 200.0 сом;

 

2.  Ушул токтомдун 1 пунктунун биринчи абзацындагы көрсөтүлгөн акча каражаты 2222 статьясы менен күн энергиясынан энергия алуучу көчө жарыктандыруучу чырактарды сатып алууга чыгымдалсын.

 

3. Ушул токтом менен киргизүүлөрдү эске алып бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмүнө тактоо киргизүү ФЭБ башчысына милдеттендирилсин. Алкактык макулдашуунун талаптарына ылайык келтирилсин жана 31-августка чейин аткарууга милдеттендирилсин.

 

4. Аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Тѳрага

Б.Мотуев