Редакцияот 01.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 1-июну № 03

Оро айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жакышов Руслан Шергазиевичке “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун талкуулап, тактап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Айыл аймагынын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жакышов Руслан Шергазиевичке Оро айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу сунушу канааттандырылсын.

 

 

2. “Ардактуу атуул” төш белгисин жана күбөлүгүн даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Тѳрага

Б.Мотуев