ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 1-июну № 04
Ынтымак көчөсүнүн атын өзгөртүп, Өскөнбай атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевдин мурдагы Ынтымак көчөсүнүн атын өзгөртүп, Өскөнбай атанын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү сунушунун негизинде жана талкуулап, тактап жана “КР географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 7-беренесин жана 19.08.2008-ж. КР Өкмөтүнүн № 467 токтому менен бекитилген ЖОБОнун 10-пунктунун 4-абзацынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргызстан айылынын күн батыш тарабындагы мурдагы Ынтымак көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Өскөнбай ата атындагы көчө болуп аталсын.
2.Жаңы коюлган көчөгө табличкаларды жазып илүү айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге милдеттендирилсин.
3.Көчөнүн атын өзгөртүлгөндүгү тууралуу маалымат райондук тийиштүү мекемелерге билдирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | Б.Мотуев |