Редакцияот 19.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы

2022-жылдын 19-октябры № 46

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгышаларына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинини  4-пунктуна  ылайык , Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдарына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жана пландан ашыкча түшкөн кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБнун кайрылуусун угуп талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат.

 

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 9-ай ичинде пландан ашыкча түшкөн 11111100-киреше салыгынан 1257,0 мин сомго акча каражаты 2022-жылга бекитилген план көбөйтүлсүн.

 

2. Бюджет кодексинин 130-беренесине ылайык, баланстуулукту сактоо максатында чыгаша бөлүгүнүн планы төмөндөгүдөй көбөйтүлсүн;

-  ЖКХ-бөлүмүнүн 2214-беренесине эки техникага Х-3 каналын куруу иштер учун солярка алууга 100,0 миң сом;

- Эксковатор, камаз унааларын оңдоого ЖКХ-бөлүмүнүн 2214-беренесине 100,0 миң сом;

- ЖКХ-бөлүмүнүн 3111-беренесине  Х-3 каналын курууга курулуш материалдарын алууга үчүн 280,0 миң сом;

-ЖКХ-бөлүмүнүн 2221-беренесине Жерге-Тал, Жалгыз-Жаңгак айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн 221,0 миң сом;

-70911-бөлүмүнүн 3111-беренесине Бал-бала-1 балдар бакчасына ашкана курууга 200,0 миң сом;

70911-бөлүмүнүн 2224-беренесине Ак-Тилек-2 балдар бакчасына отун алууга 20,0 миң сом;

-70911-бөлүмүнүн 3111-беренесине Калык-Ата-2 балдар бакчасына бесетка куруу үчүн 90,0 миң сом;

-ЖКХ-бөлүмүнүн 3111-беренесине ГСВ-24 Оору канасына жылуу суу киргизүү үчүн 60,0 миң сом;

-70911-бөлүмүнүн 2218-беренесине балдар бакчасына тамак аш алууга 34,0 миң сом

- Стим грант  мыйзамын окуутуга 70111-бөлүмүнүн 2215-беренесине 2,0 миң сом;

- Көк-Арт айыл өкмөт башчысынын кызматтык унаасына КР МКнин 30-апрель 2022-жылдагы  айына 300 литр  бөлүү боюнча №240 токтомуна ылайык, айрымасы  8 айга 60 литрден  480 литрге 66 сомдон 31,7 миң сом жана авто унааны оңдоого 18,3 миң сом, жапы 50,0 миң сом

- 70111-бөлүмүнүн 2215-беренесине Көк-Арт айыл өкмөтүнүн келерки жылдагы чоң-чоң долборлорго 100,0 миң сом, жалпы 1257,0 миң сом толукталсын.

 

3. Көк-Арт айыл кеңешинин  14-май  2022-жылдагы № 23 токтомунун 1-тиркемесине ылайык НСШ-бөлүмүнүн 3111-беренесиндеги жаңы мектеп курууга  бөлүнгөн  222,9  миң сом, акча каражатынын багытын өзгөртүү менен төмөндөгүлөргө жумшалсын;

-70921-бөлүмүнүн 3111-беренесине СШ №10 Гимназия мектебинин айнектерин пластик терезелерге алмаштыруу  100,0 миң сом.

- 70921-бөлүмүнүн 3112-беренесине СШ №10 Гимназия мектебине парталарды алууга 20,0 миң сом

- 70921-бөлүмүнүн 3111-беренесине СШ №10 Гимназия мектебинин класстарын ондоого 102,9 миң сом; жалпы 222,9 миң сом беренелерге толукталып жумсалсын.

 -70111- бөлүмүнүн 2221-беренесинде каралган 35,0 миң сом ушул эле бөлүмдүн 2222 беренесине жылдырылсын.

 

4. 2022-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак финансы  башкармалыгынан суралсын.

 

5. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айыл  өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко   жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А.А. Энназаров