Редакцияот 19.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы

2022-жылдын 19-октябры № 47

Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жаңгак айылындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин негиздеп Эмилов Султандын жазган арызын жана Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылындагы камандын аялдамасындагы О.Мусаев көчөсүнөн талаадагы сайга чейин Эмилов Акматжандын аты коюлсун.

 

2.  Арыз ээси Эмилов Султандын демилгеси менен көчөгө оңдоп-түзөө жана иш кагаздарын алып баруу жагы жүктөлсүн.

 

 

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Тѳрага:

А.А. Энназаров.