Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы

2023-жылдын 10-августу № 81

Суу-Башы айыл аймагынын 2023-жылкы бюджетинин чыгышы жана киреше бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,  Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:

 

1.  Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй , айыл өкмөтүнүн аппарат разделинин 3112-статьясындагы 1210,0 миң сомун аппарат разделинин 2215-статьясына , аппарат разделинин 3111-статьясындагы 4047,0 миң сомун аппарат разделинин 2215 – статьясына , аппарат разделинин 3111-статьясындагы 200,0 сомун аппарат разделинин 2222-статьясына , аппарат разделинин 3111-статьясындагы 730,0 миң сомун аппарат разделинин 3112-статьясына жылдырууга макулдук берилсин.

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы  М.Анарбаевга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А.Бөрүев