КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 8-июну №26
Желимдөө жана унаа жуучу жай ачууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Кадырбек уулу Имандын желимдөө жана унаа жуучу жай ачуу жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы токтом кылат:
1. Арыз ээсинин Б.Оторбаев көчөсүндө №35а үйүнө тиешелүү 1675 м2 жер участогунун түштүк тарабынан 700,0 м2 жер участогуна желимдөө жана унаа жуучу жай ачууга уруксат берилсин.
2. Арыз ээсинин Б.Оторбаев көчөсүндө №35а үйүнө тиешелүү 1675,0 м2 жер участогунун түштүк тарабынан 700,0 м2 жер участогуна желимдөө жана унаа жуучу жай куруу үчүн максаттык багыты коммерциялык болуп өзгөртүү жагына уруксат берилсин жана Талас райондук архитектура тарабынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Биримкулов |