СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
2023-жылдын 10-августу № 82
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн алдында “Жанбулак-Ата”таза суу муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы №330 токтомуна ылайык,2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жөнүндөгү токтомунда көрсөтүлгөндөй ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу”органдары жөнүндө мыйзамынын 65-беренесине ылайык Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн алдында “Жанбулак-Ата”таза суу муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон юридикалык документтерин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Бөрүевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бөрүев |