Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы

2023-жылдын 10-августу № 85

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Ж.Эралиевдин кайрылуусу жөнүндө

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн  Боз-Адыр айылында жайгашкан № 290-контурда жайгашкан 2.58 га жер аянты курулуштар астындагы жер (Гараж) жерин ,2020-жылдын 16-июнда  Суу-Башы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХII-сессиясынын №50 токтому менен жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-августундагы №25 токтому менен он эки жаранга турак жайга берилген. Бирок ушул 2.58 га жер аянты “трансформация” болгон эмес.Башкача айтканда “ Айыл чарба багытындагы” жер категориясынын таштак жайыт жана курулуш астындагы түзүлгөн , “Өнөр жай , транспорт, байланыштын, энергиянын, коргонуунун жана башка жерлери” категориясына которууну(трансформациялоону) угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:

 

1.  Суу-Башы айыл өкмөтүнүн  Боз-Адыр айылында жайгашкан № 290-контурда жайгашкан 2.58 га жер аянты курулуштар астындагы жер (Гараж) жерин , “ Айыл чарба багытындагы” жер категориясынын таштак жайыт жана курулуш астындагы түзүлгөн , “Өнөр жай , транспорт, байланыштын, энергиянын, коргонуунун жана башка жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.  Токтомду аткарууга алуу жана мыйзамдаштырып берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

 

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А.Бөрүев