Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы

2023-жылдын 10-августу № 89

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылынын китепкана башчысы Б.Жолдошованын сунушун кароо жөнүндө

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылынын китепкана башчысы Б.Жолдошованын сунушунун негизинде Апкан айылындагы жаны курулуп жаткан китепкананын талапка ылайык бүтүшү үчүн,жетишпеген каражатты Баткен райондук өнүктүрүү фондунан суроо боюнча билдирүүнү угуп,талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы токтом кылат:

 

1.  Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылынын китепкана башчысы Б.Жолдошованын сунушунун негизинде Апкан айылындагы жаны курулуп жаткан китепкананын талапка ылайык бүтүшү үчүн,жетишпеген каражатты Баткен райондук өнүктүрүү фондунан суроого макулдук берилсин.

 

2.   Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А.Бөрүев