Редакцияот 01.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 1-июлу № 52

Жеке менчик турак-жай аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бай-Кара-Бак айылынын тургуну А.Гапарованын арызынын негизинде жеке менчик турак-жай аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Бай-Кара-Бак айылынын тургуну А.Гапарованын 8-01-09-1003-0532 идентификациялык кодундагы өзүнүн 0,10 га жер аянтындагы жеке менчик үйү турак –жайдан социалдык обьекти багытына өзгөртүлсүн.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шадиманова